Жаш болуп туруп арман ырларын катыра ырдаган ырчы Ильяз Абдыразаков Казакстандын жаш эстрада ырчысы Кайрат Нуртасты Бишкекке конокко чакырды. Конокко келүү менен казак ырчысы өз ырларын бул жактагы күйөрмандарына да тартуулай кетмекчи. 5-майда өтө турган казак ырчысынын концертинин бардык уюштуруу иштерин Ильяз өз колуна алды. Ильяз казак ырчысы менен Астана шаарындагы жакындары аркылуу таанышып, анын жеке концертине катышууга да жетишиптир. Кайрат Нуртас бул жакка келчү сапарында ата-энесин да кошо ала келет экен. Биздин ырчы “концерттен соң өз үйүмө алпарып кыргыздын нукура салты менен коноктойм” деп учурда катуу даярданып жатат.