ТУРДААЛЫ БИЛЕТИ 3000 СОМДУК КОНЦЕРТ БЕРДИ

Кыргыз элинин нукура элдик ырларын ийнине жеткире аткарган ырчы Турдаалы Аскарбеков өзүнүн аткаруусундагы ырларын күйөр­мандарына "Нур-Суфра" кафесинде сунду. Көрүү­чүлөр­гө кадимкидей эле билет сатылган. "Жүрөктө калган ырлар" деп аталган бул концерттин бир билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болуп, кү­йөрман­дарынын көпчүлүгүн улуу муундар түзүшкөн. Концерт күйөрмандар арасында өткөрүлгөн оюн-зооктор менен коштолуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилген. Көрүү­чүлөр мукамдуу ырлардын гана күбөсү болбостон, кадимки кафеге келип эс алган сыяктуу эле тамактанып кетишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан