Шоу-бизнес жаатына көз чаптырсак, ырчылардын дээрлик бардыгы сахнадан сырткары бизнес менен да алектенип келишет. Бул жааттан куру калбаган ырчы Урмат Усенов Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарына барып келди. Анын бул жүрүшүнүн негизги өзөгү, ал жактын машиналарын Кыргызстанга алып келип кардарларды тейлөө болгон. Тааныштарынын жардамы менен бул ишке кадам шилтеген Урматтын Дубайдан алып келген машиналары буюрса, май айынын башында базарга чыгып калат.