АССОЛЬ ТҮШТҮК КОРЕЯ БИЗНЕСМЕНДЕРИН БАГЫНДЫРДЫ

Белгилүү теледива Ассоль Молдокматовага бир түшкөндө чет өлкөлүк үч ири компаниядан фирманын жүзү болуп берүү сунушу түшкөн. Алардын бири болгон Түштүк Кореялык косметикалык фирма менен иштешүүнү Ассоль дароо эле чечти. Буюрса, бир-эки күндүн ичинде теледива бир канча миң доллардык келишимге кол коюу үчүн Сеул шаарына учканы турат. “Менин карьерамдагы эң кызыктыруучу сунуш ушул болду. Биздин кызматташтык үчүн бул компания мага аябай жакшы гонорар төлөп берет. Мындан тышкары, алардын чыгарган өндүрүшү өтө ишенимдүү”,- дейт Ассоль Молдокматова.
Ушундай эле сунуш менен франциялык косметика чыгаруучу компания жана Түштүк Кореялык курулуш компаниясы да кайрылган. Бирок, бул сунуштар кийинчерээк күчүнө кирмей болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан