"Досум-Үсөн" тобунун жетекчиси, ырчы, анда-санда тамада боло коюп жүргөн Юрий Бобков кичүү баласы Даниилдин тушоосун кести. Жана да бир ок менен эки коёнду атып, кызы Чолпондун да туулган күнүн белгиледи. Ырчынын куда-сөөктөрү, тууган-уруктары, достору келген бул той борбордогу "Атлас" кафесинде өткөрүлгөн. Тушоо кесүүдө биринчи чуркап келгендер ырчынын колунан уюлдук телефон белекке алышкан. Юрийдин ырчы достору кадимки каадаларын кылып кеч келишип, чуркаганга жетишпей калышыптыр.