Машинасы бар адамдардын баары эле МАИ кызматкерлерине туш болоору талашсыз. Алардын бири ырчы Замир Арыкбаев да буга чейин бир нече жолу алардын алдында жооп берүүгө аргасыз болгон. Бирок, андай учурларда Замир ырчылыгын пайдаланып оңой кутулуп кетип жаткан. Бул жолкусунда тилекке каршы, аны тааныбаган МАИ кызматкери туш келип, айдоочулук күбөлүгүн алып койгон. Анткени, шашып бараткан ырчы кызыл жарык күйүп турганына карабай жолдон өтүп кеткен. Анын үстүнө жыл башында эле машинасын техникалык текшерүүдөн өткөрүү керек болсо да ага моюну жар бербей жүргөн. Күбөлүгүн алдырган ырчы «бир чети машинамды текшерүүдөн өткөрүп алам» деп сүйүнгөнү менен жөө жүрүүдөн тажап, кыйналып кетти.