Ырларында окуучу кыз менен жетелешип, ага сүйүүсүн арнаган жигит Ирлан Таалайбеков мындан туура бир жыл мурун Нарын өрөөнүндөгү күйөрмандарын кыдырган эле. Ошондогу гастролунда сахнага кийип чыккан костюмуна өңдөш шляпасын жоготуп жиберген. Кайсы жерден жоготконун өзү да билбей калган. Эми андан туура бир жыл өткөндө кайрадан Нарын аймагын кыдырган ырчы жоготкон шляпасын таап алыптыр. Аны бир күйөрманы ошол боюнча сактап жүргөн экен.