Жаш болсо да мукам үнү менен кыргыздын кыйласына таанылган ырчы Иса Өмүркулов учурда 8-класста окуйт. Исанын дилгирлигин ушундан билиңиз, ал өзүнөн төрт жаш улуу балдар менен чогуу бир класста билим алат экен. Жети эмес, алты жашында мектеп босогосун аттаган ырчы мыкты окугандыгы үчүн 2-классты бүтүргөндөн кийин эле дароо эки класс аттаган, башкача айтканда, 5-класска отурган. Ал окуу жагынан гана өзүнөн улуулар менен теңтайлашпастан, күйөрман топтоо жагынан да сахналаш байкелеринен калышпайт. Учурда ырчы күйөрман кыздарынын күндүр-түндүр телефон чалууларынан улам уюлдук телефонунун номерин тез-тез алмаштырууга аргасыз.