1-классты эми аяктайын деп жатса да өзүнө бир топ күйөрман топтогонго үлгүргөн таланттуу кыз Сауле сахналаш байке-эжелеринен калбай ыр дүйнөсүндө сүңгүп келет. Ырчы кыз Сауле сахнадагы эмгегинин үзүмү катары жакында эле Кытай мамлекетинин Шанхай шаарына он күндүк эс алуу жолдомосуна ээ болду. Буга кичинекей ырчынын борбордогу белгилүү туристтик компаниялардын биринин жарнактарына дайыма тартылып, алардын майрамдык кечелерине үзбөй катышып келгендиги себеп болгон. Сауленин бул эмгегин эске алган компаниянын жетекчилиги ага жолдомо берүүнү чечкен. Июль айындагы бул сапарга ырчы апасы менен бараарын билдирди.