Канчалаган кыздардын жүрөгүнө чок салып, ыйлатканга чейин барган ырчы Султан Садыралиев акыркы күндөрү чыгармачылыктан бир топ алыстап калган. Анткени, анын ата-энеси дарыланганы ооруканага жатып калып, ырчы убактысынын көбүн алардын жанында өткөрүп жаткан. Ырчынын өмүр бою кеңешчиси, опол тоодой тиреги болгон ата-энеси азыр айыгышып, Казакстанга, өз үйүнө кеткени жатышат. Султан да ата-энеси менен Казакстанга барып, тууган-уругун чогултуп түлөө берүү үчүн барганы жатат. Ата-энесинен көңүлү тынчыган ырчы андан соң гана чыгармачылык менен алышам деп даярданууда.