"Унутам сени" деп ырларында сүйүүсүн, өткөн жашоосун унуткусу келген Сапар Эркебаев Нарын аймагынан келатканда Долон ашуусунда машинасы бузулуп калган. Долондун суугуна чыдабаган ырчы жылынуу үчүн отун терип келип, от жага баштаган. Жалбырттап алоолоно күйгөн от жанындагы куурап калган бактарга өтүп, катарынан турган эки дарак күйүп кеткен. Капысынан болуп кеткен көрүнүштү күтпөгөн ырчы үшүгөнүн да унутуп, отту өчүрүүгө жан далбастап чуркаган. Ошентип, өрт эки даракты өрттөп кетүү менен токтогон. Ал жерден жылынганы менен Сапар бактарды өрттөп жибергенине ичи ачышып, бир чети уялганынан мындан бир жума мурун Долон ашуусуна барып жаңы көчөттөрдү отургузуп келди.