Жаш ырчылардын катарында өз орду бар ырчы Алихандын күйөрмандары да бир топ. Алихандын туулган күнүн жана кайда жашаарын билип алган күйөрман кыздар 1-май ырчынын туулган күнүндө чоң сюрприз даярдашыптыр. Эртең менен сыртка чыгып бараткан ырчы өзү жашаган 2-кабаттан 1-кабатка чейин дубалга "мен сени сүйөм" деген жазуу кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде жазылып, кооз шарлар илингенин көрөт. Күйөрмандарынын бул жоруктары ырчыга кубаныч тартуулап, маанайын көтөрдү.