Кичинекей кезинен ит бакканды жакшы көргөн ырчы Роза Шакирова жакында эле немис овчаркасын багып алды. Базарга ит сатып алганы барганда бир айлык күчүктү көрөөрү менен жактырып калып, дароо сатып алган. 3000 сомго бааланган күчүктү ырчы соодалашып жатып 1700 сомго алыптыр. Роза аны үйүнө алып келген соң ага Бинго деп ат койгон. Учурда ырчынын күчүгү курсагы тойгондон кийин бир саат тынчып уктаганы менен калган убакта күн-түн дебей үрүп чыгат экен. Ырчы кыз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, күчүгүнүн тынчтык бербей жаткандыгын айткан кошуналарынын арызынан тажап, Бингонун үнүн басуунун айла-амалын издеп жатат.