Калың элдин катмарына сиңип, талантын эл баалап калгандардын арасында “Учур” телетеатрынын жаштары да бар. Мына ушул театрдын көрүнүктүү актёру Нурдөөлөт Копоевдин жарашыктуу кыска сакалы кыздарды гана эмес, жигиттерди да кызыктырат көрүнөт. Актёр жумуштан чыгып үйүн көздөй кетип баратканда жолдон эки бала ага сакал жакшы жарашаарын айтып, кантип коюу керектигин сураган. Нурдөөлөт сакал коюу эч кандай кыйынчылыкты талап кылбасын түшүндүрүп, атүгүл тегиздеп берип турууга да макулдугун берген.