Ырчы Султан Садыралиев жакында ырларын күйөрмандарына гүлдесте катары сунганы турат. Продюсеринин айтымында, концертте буга дейре болуп көрбөгөн өзгөчөлүктөр толтура болчудай. Адегенде эле сахнанын жасалгасы кыргыздын боз үйүн элестетет экен. Ырчы жигит домбра чертип калганда көпчүлүк ага "комуз черткенди билесиңби?" деген суроону көп беришчү. Бул суроого териккен ырчы "концертте комуз менен ооз комузда кол ойнотуп, элдик ырларга басым жасайм" деген ой менен учурда катуу даярданып жатат.