Кыргыз эстрадасынын алга жылышына талыбаган эмгеги менен өз салымын кошуп келаткан ырчылардын бири Жанета Бобкова жакында эле ай-күнүнө жеткен биртууган сиңдисин өз колу менен төрөттү. Толгоо тартып кыйналган сиңдисин ырчы борбордогу №2-төрөт үйүнө алпарган. Акушерканын жанында ак халат кийген ырчы сиңдисине моралдык жактан гана колдоо көрсөтпөстөн, төрөттү кабыл алганга да катышкан. Ошентип, Жанетанын колу жеңил болуп, сиңдиси аман-эсен көз жарып алды.