Буга чейин Урмат менен Бактыгүлдүн сүйүү мамилелери тууралуу чын-төгүнү билинбеген сөздөр айтылып келген. Жакындан бери «бул эки жаштын мамилелери белгисиз себептерден улам бузулуп, эми Урмат Неля экөө кыз-жигит экен» деген имиштер пайда болууда. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, бул имиштер бекеринен чыкпаса керек. Болбосо, Неля менен Урматтын телефон номерлеринин бир эле сандан айырмаланышын кантип түшүнсө болот? Бул эле эмес, бир белгилүү ырчынын концертинде сахна артында туруп Урмат телефон аркылуу сүйлөшкөн кызы менен баарлашып жатканына күбө болгонбуз. Сөз соңунда кокусунан ал адам Неля экендиги билинип калды. Ал эми жаңылык даярдалып жатканда бул үч ырчы баш болуп, алтургай Нелянын курбусу да бул сөздөрдү жарыя кылбашыбызды өтүнгөнү көп нерсени айтып тургандай. Эмнеси болсо да сүйүү жаатында ар бирине ийгилик каалайбыз!