Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

РОЙ ЖОНС (кичүүсү)

№272 18-24 январь


Бокс залында өткөн балалык жана алгачкы жеңиштер
Убагында профессионал мушкер болгон атасы уулунун кичинекейинен эле бокско болгон кызыгуусуна түрткү болот. Өзүнө чемпион болуу бактысы туш келбегендиктен, уулунун чемпион болуусуна болгон күчүн жумшайт. 32 килограммга жетпеген салмагы менен он жаштагы Жонс (1979-жыл) салмагы 40 килограмм болгон 14 жаштагы жаш мушкерлерди жеңип ала баштайт. 1984-жылы АКШда өткөн өспүрүмдөр арасында өткөн Олимпиада оюндарында биринчиликти утуп алат. Дагы эки жылдан кийин катары менен 2 жолу "Алтын колкап" улуттук турниринде жеңүү­чү болуп табылат. Албетте, спорт сүйүүчүлөр арасындагы карьерасында бардык эле башка мушкерлердей эле жеңилүүлөр да туш болгонун айта кетели.
1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында дүйнөнү аябай таңкалтырган таптакыр жаңы өзүнчө стили менен чыга келет. Олимпиаданын жүрүшүндө Рой бардык мушкерлер эңсеген алтын медалга жакындап келаткандай таасир калтырат. Анткени, өзүнөн улуу, рингде такшалып бүткөн атаандаштарын четинен жеңил эле утуп алып жаткан. Ушундан улам күйөрмандар "эми көп жылдар бою рингде алдыңкы болуп жүрө турган мушкер аныкталды, ал – Рой" деп көзү ачыктык кылышат. Бирок, бул алдын-ала айтуучулук кийинчерээк гана төп келди, анткени, Олимпиаданын алтын медалы Ройго буюрбай калды. Себеби, финалда Рой түштүк кореялык атаандашы Парк Си Хунду жеңсе да, судьялар жеңишти Ройдун атаандашына берип коюшту. Калыстардын бул чечими Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң начар чечим деп табылган. Бул көрүүчүлөр үчүн да, атасы үчүн да, өзүнө да күтүлбөгөндөй жагымсыз жаңылык эле. Беш судьянын үчөөсү кореялыкка жеңишти бергендиги үчүн алар рефериликтен биротоло четтетилишет. Жаңжал күчөп кеткендиктен, эл аралык Олимпиада Комитети абалды оңдоого аракет кылып, Ройго Вэл Баркердин сыйлыгын тапшырат. Бул эң мыкты делген мушкерлерге гана тапшырылуучу сыйлык болуп эсептелет. Бирок, баарыбир Олимпиаданын алтын медалына тең келе албайт эле.

"Жеңилбес" атакка конуу
Ройдун профессионалдык бокстогу дебюту өзү төрөлгөн Пенсакола шаарында өтөт. 1989-жылдын 6-майында Рикки Рэндол менен орто салмак боюнча беттешип, аягы Ройдун жеңиши менен аяктайт. Ал убакта атасы машыктыруучусу да, менеджери да болчу. 1992-жылы Рой орто салмак боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиондору Хорке Вака жана Арт Сервано менен рингге чыгат. Эки беттеште тең биринчи раундда эле каршылаштарын нокаутка түшүрөт. Көп өтпөй тажрыйбалуу Жорж Кастро менен беттешип, биринчи жолу акыркы раундга чейин урушуп утуп чыгат. Ошондон кийин өзүнүн иштерин алып барууга профессионал менеджерлерге жана машыктыруучуларга тапшырат. Мунусун атасы көп жылдар бою кечире албай коёт, бирок, акыры уулунун туура кылгандыгын моюнуна алат. Кийинки беттешүүлөрүнүн биринде мурун Сеулдагы Олимпиадада беттешкен Алтон Маркерсонду утат. Ага удаа эле буга чейин жеңилип көрбөгөн мушкер Глен Томасты 8-раундда нокаут менен жеңип алат. Мындан кийинки нокауттары Ройду олуттуу титулдарга алып келет.
1993-жылы 22-майда ошол убактагы орто салмак боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, рейтингде биринчи болуп турган Бернард Хопкинс менен IBF титулу үчүн рингге чыгат. Рой акыркы раундга чейин өзүн ишенимдүү алып жүрүп, үс­төккө-­босток муш жаадырат. Судьялар бир добуштан жеңишти Ройго беришет. Ошондон баштап Рой чемпиондук наамсыз жүрбөй калат. Өзүнүн салмагындагы эң күчтүү делген атаандашы Томас Тейтти экинчи раундда эле нокаутка учураткандан кийин башка категориядагы дүйнө чемпиону Жеймс Тониге чыгат. 1994-жылы 18-ноябрда болгон бул беттеш Ройдун "оюнуна" айланат. "Оюну" колдорун артына алып, бетин атаандашына тосуп, бирок, урганга үлгүртпөй андан мурун чагылгандай тездик менен өзүнүн соккусун узатуу эле. Тоунини жеңгенден кийин экинчи орто салмактагы теңдешсиз чемпион аталат.
1996-жылдын 22-ноябрында легендарлуу Майк МакКалумду 12 раундга созулган беттеште жеңип чыгып, дагы бир салмак категориясынын чемпиондук титулун тартып алат.

Улуу мушкерге айлануу
Арадан көп убакыт өтпөй жеңилип көрбөгөн Олимпиада чемпиону күчтүү мушкер Монтелл Гриффин менен беттешет. Оюндун кайсы бир раундунда атаандашын өзүнө ылайыктап бурчка такап алып соккулап баштайт. Анан 9-раундда Жонс Гриффинге күчтүү сокку узатып, нокдаунга учуратат. Ыңгайсыз жерде туруп калган рефери беттешти токтоткучакты тизелеп калган Гриффинге Рой эки жолу муш узатып жиберет. Бул кылыгы үчүн Рой жарым жылга дисквалификацияланып (спорт мелдешине катышуу укугунан ажырап) кетет. Ройду көрө албагандар үчүн бул табылгыс болуп, жаманатты кылып башташат. Гриффин да "мен жеңип баштаган болчумун" деп чындыкка жатпаган сөздү айтып чыгат. Ошондо биринчи жолу Рой катуу ачууланат.
1997-жылы 7-августта өткөн матч-реваншта Жонс Гриффинди биринчи эле раундда нокдаунга, анан ага удаа эле нокаутка учуратат. Ошондон тартып кайрадан жарым оор салмактагы бардык күчтүү мушкерлерди жеңе баштайт. Ичке бир муштап, WBAнын мурунку чемпиону Вирджил Хиллди нокаутка түшүрөт, калыстардын бир добуштан берген чечими менен WBAнын чемпиону Лу Дель Валени утат, мурунку чемпион Отис Грантты техникалык нокаут менен утат. Мындан кийин Реджи Жонсон, Эрик Хардинг, Дэрик Хармон, Хулио Гонсалестин жана башкалардын үстүнөн жеңиштер аны күтүп турган эле.
WBC Ройго "Турмуштагы жетишкендиктери үчүн" сыйлыгын тапшырат. Атактуу "RING" журналынын адистери түзгөн "Pound for Pound" рейтингинде 1-орунду ээлеп калат. Бул салмакка карабаган эң күчтүү дүйнөлүк мушкерлердин рейтинги эле. Бул орундан ал карьерасынын аягына чейин он жыл бою түшкөн жок. "Жеңиш" жана "Рой Жонс" деген сөздөр синонимге айланат. Ошол учурда Эммануэль Стюард: "Жонстун бирден-бир маселеси – атаандаштарынын жоктугу",- деп айткан. Чынында эле өзүнө тең келген атаандаштарынын жоктугунан улам Рой мурун болуп көрбөгөн кадамга барууга аргасыз болот. Эми жаңы татыктуу атаандаш издеп, супер оор салмак боюнча бактысын сынап көрүүнү чечет. Ошентип, атаандаштыкка WBAнын чемпиону Жонни Руис тандалат. Рой жакшы эле салмак топтогонуна карабай (Жонс 87,50 кг, Руис 102,50 кг) салмак боюнча айырма өтө эле чоң эле. Бирок, супер оор салмак орто оор салмактын тездигине көз каранды экендиги да элге маалым.
2003-жылдын 1-мартында Лас-Вегас шаарында өткөн беттеште Рой өтө сүйгөн манерасына салып, кыбыр атаандашынын өзүнүн чеберчилигин көрсөткөнгө үлгүртпөй кайра-кайра чабуул коёт. Натыйжасында, суктандыраарлык жана ишенимдүү жеңиш, супер оор салмак категориясы боюнча чемпиондук титулду да тартып алат.
Рой Жонс тарыхка эң улуу мушкер (супер оор салмак боюнча эч ким туруштук бербеген) катары кирди. Руис менен болгон беттеште эле Рой өз Эверестин багындырды. Бул карьерасынын туу чокусу эле. Эми эч нерсе каалабаган, көзүндө учкуну жок Рой кокустан жана тез эле картайып кеткендей болду.

Бокстон кетпөөгө себептер
Кайрадан өзүнүн орто оор салмак категориясына кайтып келүүнү чечкен Рой үч айда он килограмм салмак таштайт. Өзү жокто WBC боюнча чемпиондук такта отурган Антонио Тарвер менен беттешет. 2003-жылдын 8-ноябрында болгон бул беттеште Рой жеңген менен мурункудай уруша албагандыгын көр­сөтүп коёт. Мурункудай тездиги жок ал жеңишке чарчап араң жетет. 2004-жылдын 15-майында өткөн матч-реваншта Рой биринчи жолу раундда үс­төмдүүлүк кылган менен 2-раундда сологой Тарвердин күчтүү соккусуна туш болуп, нокаутка учурайт. Улуу чемпион өмү­рүндө биринчи жолу жеңилүү, нокаут эмне экенин эми өз башынан өткөрөт. Бул жеңилүү ызасы баарыбир Ройду психикалык жактан басынтып кетти. Себеби, ал жеңилбеген мушкер, мыкты карьерасы менен чоң спорттон кетейин деп жаткан эле. Рой боксту улантууну чечип, IBF версиясы боюнча чемпион Гленкофф Жонсон менен беттешке чыгат. Беттештин 9-раундунун алгачкы мүнөтүндө Жонсондун күчтүү соккусун өткөзүп жиберет. Чыкыйга тийген соккудан жыгылган Ройдун башы полго катуу тийип, эсин жоготуп коёт. 2006-жылы июлда кайра бокско кайтып келип, Принс Баджи Адамды жеңип алат. Рой акыркы беттешинде буга чейин жеңилбеген Энтони Хэншоуну жеңгенден кийин Глен Жонсонго каршы матч-реванш өткөрүү эң чоң максаты экендигин жана өзүн ыза кылган Антонио Тарвер менен төр­түнчү жолу беттешүүнү кааларын билдирди. Экөөнү тең жеңээринен шек санабагандыктан, планында Эвандер Холифилд же Владимир Кличко менен беттешип утуп алуу да бар.
Эми үстүбүздөгү жылдын 19-январында мурун үч салмак категориясы боюнча беш жолку чемпион болгон Феликс Тринидад менен Нью-Йоркто рингге чыкмакчы.

Көп кырдуу талант
Рой Жонс бул – бир гана бокс эмес, талант, татыктуулук жана күтүл­бөгөн­дүк. Профессионалдуу баскетболчу, музыкалык продюсер, ырчы, актёр, комментатор... Бул дэңгээлдеги кайсы спортсмен параллелдүү түрдө профессионалдуу баскетболдо ойной алат?! Ройдун боксто беттешке түшөөр күнү да баскетбол ойногон күндөрү болгон. Мисалы, 1996-жылы июнда "Барракуда" командасында ойноп беш упай топтоп, бир сааттан кийин он биринчи раундда Эрик Лукасты нокаутка учураткан.
Жонс – профессионалдуу рэппер жана өзүнө-өзү продюсер. Алгач өзү үчүн 1998-жылы уюштурган көз карандысыз үн жаздыруучу "Body Head Entertaiment" компаниясы бүгүнкү күндө кеңейген. Мындан сырткары, Рой киного да тартылат. Мисалы, "Азезилдин адвокаты", "Матрица-2". Ошондой эле бокс боюнча беттештерди телекомментатор болуп алып барат. Өзү туулган Пенсакола шаарында жашап, Рой ферма да багат. Питбуль породасындагы иттерди, асыл тукум жылкыларды, урушчаак короздорду багуу – хоббиси. Жыл сайын май айында гольф боюнча балдардын турнирин өткөрүп турат.
Бала чагынан идеал туткан адамы Мухаммед Али менен чогуу бүт өлкө боюнча турнеге чыгып келген мушкер дагы. Шал болуп калган досу, мурунку мушкер Жералд МаккЛеланга азыркыга чейин жардам берип, ал үчүн кайрымдуулук кечелерин уюштуруп келет. Ройду жакындан тааныгандар “мушкерге караганда адам катары он миң эсе артык” деп мүнөздөшөт.

Даярдаган Нурбек Абдыкадыров



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: