Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ГАРИК МАРТИРОСЯН

№272 18-24 январь


Толук аты-жөнү – Гарик Юрьевич Мартиросян
Бою – 186 см, Салмагы – 75 кг
Кесиби – Невропатолог
Жакшы көргөн тамагы – Кебаб (армяндардын улуттук тамагы)
Жакшы көргөн жаныбары – Мышык
Адамдардагы эң жаман көргөн сапаты – Акылсыздык
Гарик Мартиросян 1974-жылы 13-февралда Армениянын борбору Ереван шаарында төрөлгөн. Жаңы эмгектей баштаган кезинен эле өтө шок болгондуктан, «дагы бир нерсени сындырып же бүлүндүрүп жибербесин» деп апасы Гариктин артынан калчу эмес. Бир аз эс тартып калганда апасы байкабай калган учурда бийигирээк жерге катып койгон хрусталь идиштерди атайын жерге чаап сындырганды жакшы көрчү. Мектепте болсо классташтарын баштаган атаман Гарик Брежневдин «небереси» болчу. Анткени, бир жолу аларды алдайм деп «мен Брежневдин небересимин» десе, баары мунун чындыгын тастыктамакка үйүнө ээрчип келип алышат. Чоң энеси болсо небересинин калпын чыгарбайын деп: «Чынында эле ошондой, анткени, силердин баарыңар Брежневдин неберелерисиңер»,- деп таңкалган окуучуларды узатып койгон. Бирок, классташтары кеткенден кийин чоң энеси ашыкча шоктонуп, калп айткандыгы үчүн Гариктин жазасын колуна карматкан. Ошондон кийин калп айтканды биротоло токтотконун белгилүү юморист, телеалпаруучу Гарик Мартиросян азыркыга чейин айтып келет. Ал эми Гариктин ашыкча тентектигин жууп, андан эки жашка кичүү иниси Лёва өтө жоош болгон.
Гарик мектепти аяктаган соң өз каалоосу менен туулуп-өскөн Ереван шаарындагы Ереван Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетинин невропатология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды аяктаган соң кесиби боюнча үч жыл эмгектенген. Ал эми бул билими Гариктин айтымында, өмүр бою керекке жарайт.
Гарик Мартиросян 1993-жылдан тарта “Жаңы армяндар” деп аталган КВНчилер командасына кошулган. Өзүнүн тамашакөйлүгү, акылдуулугу, ойлоп тапкычтыгы менен тез эле бул топтун капитаны болууга да үлгүрөт. Гариктин Москвага келишинин бирден бир себеби да КВН оюндары болгон. “Жаңы армяндар” командасы Жогорку лигага 1996-жылы биринчи жолу катышып, Гарик бул жерден КВНдин “атасы” Александр Масляков менен таанышкан. Кийинки эле жылы бул команда Сочиде өткөн Жогорку лиганын жеңүүчүсү болуп табылат. Таланттуулугу менен башкалардан айырмаланган Гарик Мартиросянды СССРдин КВНчилер курама командасына чакырышкан жана бул топ аркылуу белгилүү юморист теледүйнөсүнө аралаша баштайт.
Көп өтпөй КВН оюндары аркылуу жүзү элге бир аз да болсо таанымал боло түш­көн Гарик СТС каналында Игорь Угольников менен биргеликте “Кутмандуу кечиңиздер менен” деген ток-шоу берүүсүн алпарат. Ушундан кийин өзүнүн кү­чү­нө ишенген телеалпаруучу элдердин көңүлүн көтөргөн өзүнүн автордук тамашалуу теледолбоорун түзүүнү пландаштырган. Жыйынтыгында, 2003-жылы учурда көпчүлүк сүйүп көргөн тамашалуу “Comedy Club” берүү­сү пайда болгон. Гариктин өзүнүн айтымында, бул теледолбоордун экранга чыгышына Максим Галкиндин жана Валдис Пельштин берген жардамдары чоң. “Бул адамдар менин атактуу болушума салым кошушкан”,- деп бүгүнкүгө чейин рахматын айтып келет Гарик.
Атактуулуктун жолуна жаңы түшүп, КВН оюндары аркылуу чоң сахнага кадам таштаган маалда Гарик өзүнүн өмүрлүк жубайы Жаннаны тапкан. 1997-жылы Сочидеги оюндарга Ставрополь шаарынан келген команданын күйөрманы Жанна Гариктин жүрөгүн багындырат. Бирок, тилекке каршы, эки жаш таанышып үлгүргөнү менен бири-биринин даректерин алууга жетишпей калышат. Экөө эки жакка кеткен күндөн тарта кайрадан табышуу үчүн кийинки жылдагы Сочи оюндарын чыдамсыздык менен күтө башташкан. Убакыт өтүп, күткөн күндөрү да келип, сүйүшкөндөр кайрадан табышышат. Ал учурда Жанна болгону 19 жашта болчу. Гарик Жаннанын колун апасынан телефон аркылуу сурап, макулдугун алган жана Ереван шаарында бири-бирине эн катары нике шакектерин салышкан. Бирок, бир нече убакыттан кийин гана Москва шаарында расмий түрдө никеге турушкан. Ал мезгилде Гариктин тынымсыз гастролдордон бошобой жүргөн чагы болгондуктан, той өткөрүүгө үлгүрбөй калышат. Ал эми көптөн күткөн үлпөт тойлору эч пландалбаган жерден Кипрде өткөн. Гарик КВН командасы менен Кипрге гастролго жөнөп жатып жубайын өзү менен кошо ала кетүүнү туура көрөт. Ал жактан досторунун курчоосунда жөн гана дасторкон четинде отуруп, той өткөрүүнү чечишет.
2004-жылы белгилүү КВНчи жана куудул жигит Гарик Мартиросян Жасмин аттуу кыздуу болот. Төбөсү көккө жеткен Гарик жубайына кызын өмүр бою эркелетип чоңойтууга сөз берген. Бирок, улам кызы эс тарткан сайын телеалпаруучу ал оюнан тая баштаганын билдирди. Анткени, анын айтымында, кыз балага темирдей катуу тарбия берүү керек.
34 жашында үйбүлөдө үлгүлүү ата жана жумушта тажрыйбалуу адис болууга жетишкен Гарик учурда да өз карьерасын жогорулатууда. Былтыркы жылы “Эки жылдыз” теледолбооруна катышып, көпчүлүктүн колдоосуна арзыганын билебиз. Мунун өзү тамашакөй жигиттин көп кырдуу таланты бар экендигин тастыктап өттү десе болот. Лариса Долина менен биргеликте ырдаган дуэттери көпчүлүккө жагып, долбоордун жеңүүчүсү аталган. Ал эми өткөн жылы Орусиянын Биринчи каналында болуп өткөн “Атак-даңк мүнөтү” теледолбоору тууралуу билбегендер жокко эсе болсо керек. Алпаруучунун айтымында, бул берүүдө катышуучуларга караганда Гарик өзү көбүрөөк санаа тарткан. Себеби, бир нерседен үмүттөнгөн катышуучуларды көргөндө өзүнүн бир кездеги көздөрүн жалдыратып сахнада турганын элестете берчү. Андыктан, катышуучуларды колдоп турууну өзүнө милдет кылып алган. Бул берүү­нүн артынан Гарик бир канча ушактардын да башатына айланууга аргасыз болгон. Алардын бири, Гариктин долбоорго катышкан талант­туу кыздардын бирин сүйүп калып, жубайы менен ажырашканы жаткандыгы тууралуу болсо, экинчиси, долбоордогу кыз­матынан пайдаланып, көр­сө­түү учурунда калыстар тобунун “ооба” деген жообун катышуучуларга алып берүү үчүн пара алып жаткандыгы болду.
Гарик Мартиросян бир гана тамашакөйлүгү, тилинен бал тамган чечендиги, алпаруучулугу менен эле элге таанылбастан, Атамекенинин келечеги үчүн тынчсызданган инсан катары да өз өлкөсүндө кадыр-барктуу. Мунун далили катары былтыркы жылы Арменияда болуп өткөн Улуттук жыйынга депутаттарды шайлоодо өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгүн айтууга болот. Бирок, тилекке каршы, депутаттык мандатка жеткен эмес.
Гариктин үйбүлөлүү экендигине карабай жүздөгөн кыздар азыркыга чейин сүйүүсүн арнап, белектерин берип келишет. Бирок, бүлөгө туруктуу алпаруучу Гарик мунун баарын тамаша катары кабыл алып, тамаша менен гана жооп берет. Жубайы Жанна экөө келечекте жети баланын ата-энеси болууну каалашат. Андан тышкары, Москва шаарында канча жылдан бери жашап, иштеп келгени ме­нен карьерасын өз мекени Армениядан улантуу – Гариктин жакынкы аралыкта алдына койгон пландарынын бири.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: