СУПЕР АГЕНТ КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

АЛИНА МЕНЕН НАЗИРА БИР КӨЙНӨК КИЙИШЕБИ?
Бишкек шаарынын тургуну Нагиманын редакцияга жөнөт­көн катынан:
«Саламатсыздарбы "Супер-инфо" гезитинин жалпы жамааты. Ырчы Алина Жетигенова менен сиңдиси Назира Жетигенова экөө бир көйнөк кийишеби? Себеби, Алина эженин кызыл көйнөгүн бир жолку концертте Назира эже кийип алып алпаруучу болгонун көрдүк эле...»

Назира Жетигенова:
– "Эжелүү кызга эски тон" дегендей, мен кичинекей кезимден эле Алинанын, башка эжелеримдин көйнөктөрүн кийип чоңойгом. «Артист көйнөктөргө» анча кызыга берчү эмесмин. Ошол үчүн "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" фестивалында, андан кийин дагы бир жолку концертти алпарганда Алинанын кызыл көйнөгүн сурап кийгем. Баса, ал көйнөктү Алина мага белек кылган, азыр менин шифоньеримде илинип турат. Эл минтип экөөбүздү "бир көйнөк кийет экен" деп айтып жатышса, аны кийбей деле калам го..."

НАЗИРА УНИВЕРСИТЕТТЕ НАЧАР ОКУЙБУ?
Адаттагыдай эле көптөгөн окурмандарыбыздын бири Гүлзат төмөндөгүдөй өтүнүч суроо менен телефон аркылуу кайрылган:
"Назира Айтбекова эл алдында тың эле кыз көрүнөт. Бирок, "Назира Ататүрк-Алатоо университетинин 5-курсун аяктаса да, 1-2-курстардагы экзамен, зачётторун эми тапшырып жатат" деп ошол университетте окугандардан уктум. Бул сөздүн чын-бышыгын билип бергилечи?!"

Назира Айтбекова:
– Бул суроону ким бергенин да билем. Буга чейин мен студенттерге түрк тилинен сабак берип жүрдүм. Буюрса, сентябрдан баштап кыргыз жана англис тилдеринен да берсемби деп жатам. Бул биринчиси. Экинчиден, мен ал окуу жайда ректордун жардамчысымын, башкача айтканда, оң колумун. Университеттеги иштердин баарын мен жасайм. Эгерде 1-2-курстардагы сабактарымды тапшыра албаган студент болсом, мени университетке мугалим, ректорго жардамчы кылышпайт эле го...

МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН БАЛАСЫ БАРБЫ?
Мааниси төмөндөгүдөй болгон суроолор бир күндө бир нече жолу телефон аркылуу кайталанат. Акыркы жолку Айжаркын аттуу окурманыбыздын телефон аркылуу берген суроосу мындайча болгон:
"Мен өзүм Токмоктон болом. Мирбек Иманбеков токмоктук бир кызды сөйкө салып алып кеткенин кошуналарымдын баары айтышат. Жадакалса алар Мирбектин балалуу болгонун да билишет экен. Ушул сөздөрдү тактап берип койгулачы?!"

Мирбек Иманбековдун продюсери Асыл Апасова:
– Эл көзүндөгү адамдардын артынан ушак ээрчий турганы анык эмеспи. Андыктан, бул – эл арасында айтылган кадимки ушактардын бири. Биринчиден, ортодогу келишимибизге ылайык, азырынча Мирбек үйбүлө күтүп, балалуу болбойт. Мирбектин үйбүлө күтүп, балалуу болушу ортобузда түзүлгөн келишимде жок. Экинчиден, мен анын үйүнө барып эле турам. Аялын да, баласын да көрө элекмин. Мирбекти жакшы көрүп жүргөн кыздардын бири "анын аялы мен болом, балалуу да болдук" деп айтып койсо, жайылып кеткен чыгаар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан