«Адамдын көркү – чүпүрөк» же «адамды кийген кийимине карап тосуп алып, акылына карап узатабыз” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай, жер бетиндеги ар бир адам сырткы келбетинин сулуу болушу үчүн кийимине көңүл бурат эмеспи. Ал эми кийимдердин жарашыктуулугу анын баасынан да көз каранды. Андыктан, «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бул чыгарылышында ааламга аты таанылган атактуу жылдыздардын айрымдарынын кийген кийимдеринин баалуулугуна көз чаптырып көрүүнү туура таптык…
ШАКИРА
Колумбиялык белгилүү ырчы Шакира дүйнөлүк жылдыздар арасында “табитсиз кийинет” деген сыяктуу сын сөздөргө кабылып келет. Анткени, Шакиранын кийинүү стили башкалардан өзгөчө. Мисалы, шым кийеби, юбка кийеби анын чыгыштын сулууларын чагылдырган жылтырак кооз курларын башкалар тагынууга чыгынышпайт. Андыктан, Шакиранын гардеробунда мындай курлардын бир нечеси бар. Алардын эң кымбаты ырчынын баалуу буюмдарынын арасынан орун алган. Себеби, кур алтын менен кооздолгон. Булгаарыдан жасалган шымдар да Шакиранын кийимдер жыйналган бөлмөсүндө жыкжыйма. Аларга ылайыктуу үстүнкү кийимдеринин саны да бир топ. Андан тышкары, ырчынын бут кийимдери менен сумкаларынын көптүгү айтпаса да белгилүү болсо керек. Алардын эң баалуусу – “Louis Vuitton” фирмасы тарабынан даярдалган 11 миң долларлык кара түстөгү сумка.
ЭЛТОН ЖОН
Гардеробу эң бай жылдыздардын катарына белгилүү ырчы Элтон Жон да кирет. Элтондун гардероб бөлмөсүндө бардыгы болуп 10 миңге жакын кийим-кечектердин бар экендиги аныкталган. Алардын ичинен ырчы өзү баалаган күлгүн түстөгү костюмунун баасы канча экендигин айтпаганы менен өзгөчө жерге сакталганынан анын кымбат экендигин биле берсе болот. Кийимдеринин эң арзаны – 15 долларлык майкасы, эң кымбаты – “Saville Row” компаниясы тарабынан тигилген кара түстөгү костюму. Анын баасы 50 миң доллар.
АЛЛА ПУГАЧЁВА
Россия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын гардеробу өзүнчө эле бир муундун мода тарыхын чагылдырып турат. Себеби, Алланын кийинүү стилин совет элинин айымдары дайыма мода катары кабыл алышчу. Кызы Кристина да апасынын кийимдерин 18 жашка чыккыча кийип келгенин азыркы күндө жашырбайт. Алтургай Алла ушул күнгө чейин өзүнүн балачагындагы кийимдерин Москва шаарындагы Земляной деп аталган райондогу квартирасында сактап келет. Гардероб бөлмөсүндөгү кийимдерден Алланын “жарганат” стилиндеги кенен көйнөктөрүн көрүүгө болот. Ырчыны бул стилге 1970-жылдары биринчи модельери Вячеслав Зайцев алып келген. Ал эми 1992-жылдан баштап Алла ошол эле “жарганат” стилиндеги кыска көйнөктөрдү кийе баштаган. Зайцевдин Аллага белекке берген жылтырак темирлер менен кооздолгон Жаңы Жылдык костюму эң баалуу кийимдер арасынан орун алган. Ал эми ырчынын гардеробундагы эң кымбат буюмдардын бири катары 68 миң долларлык ак түстөгү шубасын айтууга болот.
МАЙКЛ ЖЕКСОН
Ырчынын басма сөз катчысы Ван Александердин айтымында, Майкл Жексон – дүйнө жылдыздарынын арасында кийим-кечеги эң көп ырчы. Бирок, гардеробу толугу менен ушул күнгө чейин сакталган эмес. Себеби, Майкл жыл сайын чогулган кийимдерин аукцион аркылуу сатыкка коюп турат. Аукционго коюлган кийимдер 750 доллардан 40 миң долларга чейинки баада сатылат. Ал эми ырчынын бут кийиминен тарта баш кийимине чейин жылда сатыкка чыгарып туруусу Майклга 30 миллионго чейинки киреше алып келген.
АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК
Орусиянын атактуу жылдыздары арасында гардеробунун саны боюнча актриса Анастасия Заворотнюк дагы өзгөчөлөнүп турат. Кечелерге кийүүчү кооз көйнөктөрүнүн эле саны 80ден ашык, ал эми бут кийимдери жыйналган шкафта 100гө жакын түгөй бут кийимдер сакталып турат. Алардын көпчүлүгүн бир кийгенден кийин эле жакындарына таратып берүүнү Настя адатка айландырып алган. Ошентсе да бош убактысы боло калса эле кийим-кечек сатылуучу дүкөндөрдү кыдыруу – актрисанын убакытты туура пайдалануу ыкмасы. Кооз кийинүүнү анча жактыра бербегендиктен, жөнөкөй кийинген актрисанын гардеробундагы көпчүлүк буюмдар кара түстө. Эң баалуу кийими катары жашыл түстөгү шубасын жана атайын ага түспөлдөш кылып тандап алган жашыл өтүгүн эсептейт. Экөөнүн баасы 12 миң доллар.
ЖЕННИФЕР ЛОПЕЗ
Белгилүү актриса Женнифер Лопез дагы эң стилдүү кийинген атактуулардын катарын толуктайт. Актриса өзүнүн кийим-кечеси сакталган 4 бөлмөлүү гардеробундагы кийимдеринин баарын өзгөчө баалайт. Ал бөлмөлөрдүн биринде жалаң бут кийимдер сакталган. Алардын дээрлик 100 пайызы таза булгаарыдан жасалса, 30га жакыны атайын эксклюзивдүү чыгарылыштардан. Баалары 1500 доллардан 24 миң долларга чейин. Бул жакта дагы ар бир бут кийимге ылайыктуу кол каптар, курлар, шарфтар жана сумкалар сакталган. Экинчи кичинекей бөлмөдө кымбат баалуу ич кийимдер сакталса, калган эки бөлмө жалаң кийимдерге жык толгон жана алардын саны 10 миңден ашат.
ДИМА БИЛАН
Дима Билан да мурда кийген кийимдерин сактоону жактырат. Орусия ырчыларынын көпчүлүгү атайын кийимдерди жыйноо үчүн бөлмө бөлүшпөйт, аларга чоң көлөмдөгү шкафтар болсо эле болгону. Бирок, башкалардан айырмаланып Диманын 5-6 метрлик гардероб бөлмөсү бар. Андыктан, кийген кийимдерин чогултууга мүмкүнчүлүгү чоң. Диманын кийимдеринин көпчүлүк бөлүгүн спорттук стилдеги кийимдер түзөт. Ырчы былтыркы жылдын акыркы айларында спорттук бут кийимдердин толук коллекциясын чогултуп бүткөнүн кабарлаган эле. Алардан тышкары, футболкалар, майкалар, кепкалар жана жынсы шымдар – Диманын күнүмдүк жана сахнага кийген кийимдери. Ырчы кымбат баалуу сааттарды жана билериктерди чогултууну жактырат. Таңкалыштуусу, классикалык стилдеги костюмдарынан болгону экөө гана, ал эми аларга ылайыктуу бут кийимдери ондон ашат. “Jordan B`Loyal” моделинде чыгарылган ак-кара түстөгү 120 миң рублдик спорттук бут кийими – Диманын эң кымбат кийимдеринин бири.
Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева