«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ТИТАНИК

№274 1-7-февраль, 2008-ж.


Шедевр 100 жылдан кийин деле шедевр бойдон калат тура. Эки жаштын “чөкпөс” кемедеги кайгылуу окуясы, алардын сүйүү жана жашоо үчүн күрөшүүлөрүн сүрөттөгөн тарыхый драманын жаңы сырлары менен бөлүшөбүз.

РежиссёруЖеймс Кэмерон
Сценарийин жазганЖеймс Кэмерон
ПродюсерлериПамела Исли, Жеймс Кэмерон, Ал Гиддинс
Ролдордо: Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис жана башкалар

«ТИТАНИК» ЛАЙНЕРИНИН ТАРЫХЫНАН
1912-жыл, 14-апрель. Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан. Бул каргашалуу күндө болгон дүйнөлүк кырсыктын алдын алса болот беле? Бул суроого изилдөөчүлөр жана күбөлөр “болот” деп жооп беришкен.
Кемелердин королу “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна эле. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар эле. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдары, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн.
Кемеде 20 куткаруучу кайык бар эле. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган. “Титаник” 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болду. Кемедеги 2 миң 227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.

«ТИТАНИК» ФИЛЬМИНИН ЖАРАЛЫШЫ
Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген да, аны дароо кино тартуу жөнүндө идея ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен.
Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан, чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми кийин тасмага бул материалдын 12 мүнөтү гана керектелген.
“Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Алардын башында кийин «Оскарга» ээ болгон Роберт Легато турган.
Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.
Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созулаарын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок, Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт. Анын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн.

ФИЛЬМДИ КАНТИП ТАРТЫШКАН?
Адегенде Мексиканын Розарито аймагынын жээгинде негизги көрүнүштөр тартыла турган чоң студия жасалган. 5 тонна динамитти жардырып, пайда болгон чуңкурга 4 миллион литр суу толтурушкан. Чоң бассейндин ичине чыныгы “Титаник” менен дээрлик тең болгон кеменин макетин курушкан. “Титаниктин” узундугу 265 метр, ал эми анын макети 34 метрге кыскараак болгон. Аны “чөктүрүү” үчүн дагы 65 миллион литр суу керектелген. Тасма тартылып бүткөндө макетти бузуп, металлоломго өткөрүп салышкан.
Кемени жалпы план менен тартуу үчүн алгач вертолёт алынган, бирок, кийин аларды 50 метрлик кран менен алмаштырууну чечишкен.
Көпчүлүктү тартууга миңден ашуун адам керектелген. Кийин аларды компьютердик программанын жардамы менен “көбөйтүп коюшкан”. Кеме чөгөөрдө анын тумшугу тик болуп калат да, адамдар ылдый көздөй кулай баштайт. Бул эпизод туура 10 жолу тартылган. Мында режиссёр 40 каскадёрдун кызматын колдонгон. Тасманын катышуучуларын күндө 12-14 саат сууда кармоого туура келген.
Кеме менен жарыша сүзгөн дельфиндердин кээ бири атайын үйрөтүлгөн жаныбарлар болсо, кээси компьютердик графика экен.
Ал эми “Титаниктин” чөгүшү­нүн башкы себеби болгон айсберг көбүнчө курулушта колдонулган тез катуучу көбүктөн жасалып, айнек жана мом менен капталган. Ал эми адамдардын беттеринде, чачтарында тоңуп турган “аяз” сууга тийсе катып калчу атайын упадан жасалган. Алардын оозунан чыккан буу да компьютердин жардамы менен тартылган.

«ТИТАНИКТИН» ЖЕҢИШТЕРИ
Бүгүнкү күндө бул тарыхый драма 135 номинацияда аталып, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 «Оскары» эсептелет.

САУНДТРЕК
“Тасмага музыка жазып бер” деген өтүнүч менен Кэмерон белгилүү ырчы Энияга кайрылган. Андан терс жоопту уккан соң дароо Жеймс Хорнерге барган. Тасмадагы бардык композициялардын автору Хорнер элге тасма менен удаа дискти да тартуулаган. Селин Диондун аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган. Ал эми ырдын авторлору “Эң мыкты ыр” үчүн Оскарга ээ болушкан.

ТАСМАДАГЫ КАТАЧЫЛЫКТАР

  • Кеменин капитаны беймарал пакеттелген чайды чынысына малып, чайынан ууртап ичип жатат. 1912-жылдары кургак чайды кичинекей пакетке салып чыгаруу али эч кимдин оюна келе элек эле.
  • Кулап баратып кеменин темир бө­лүк­төрүнө урунган адамдарды көрүп, ал бөлүктөр жумшак резинадан жасалганын байкоого болот.
  • Балким, тасмадагы эң чоң каталардын бири – тасманын эң кайгылуу учуру. Роуз Жектин колун коё бергенде ал дароо океандын түбүнө чөгүп кетет. Бул чындыкка туура келбеген көрүнүш. Жарым тоңгон денелер деле үстүндө канча кийим бар экенине карабай суу үстүндө калкып калат.
  • 3-класстагы жүргүнчүлөрдүн арасында эки балалуу аял бар эле. Кеме чөгүп баратканда ал балдарына жомок айтып берип, тагдырга баш ийген болчу. Көрүүчүлөр аны өлдү экен дешсе, ал кийин кайыктагы аман калгандардын арасында балдары менен отурат.
  • Роуздун көздөрү жаш кезинде жашыл болсо, картаң кемпир болгондо көгүш өң болуп өзгөрүп калган.
  • Роуз Жекке сүрөтүн тарткандыгы үчүн Рузвельттин сүрөтү тартылган 10 центтик тыйын берет. Ал тыйындар 1946-жылы гана чыга баштаган.
  • Ызы-чуу башталганда көпчүлүктүн арасындагы бир жүргүнчүнүн билегинде электрондук кол саат бар.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Сценарий боюнча Роуз “Жек” деп 80 жолу айтса, Жек Роуздун атын 76 жолу кайталайт экен. Ал эми “мен сени сүйөм” деген фраза тасмада бир гана жолу Роуздун оозунан чыгат.
  • Роуздун 101 жаш курагын аткарган актриса Глория Стюарт “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” болуп аныкталып, 87 жашында «Оскарга» ээ болгон. Бардык актёрлордун ичинен “Титаниктин” заманында жашаган жалгыз киши ошол Глория Стюарт эле. Учурда актриса 98 жашта жана жаңы роль издеп, сценарийлерди калтырбай окуйт.
  • Кэмерон сценарийди жазып жатканда Жек Доусон жана Роуз Де Витт Букатер деген ысымдарды оюнан чыгарып жазган. Кийинчерээк, “Титаникте” 1888-жылкы Ж.Доусон деген жүргүнчү катталганы тууралуу факт Кэмерон үчүн күтүлбөгөн нерсе болгон. Азыр ошол Ж.Доусондун мүрзөсү – Шотландиядагы эң көп киши келип-кеткен мүрзө.
  • Жек тарткан сүрөттөрдүн автору – Жеймс Кэмерон. Жек Роузду тартып жаткан эпизоддогу экрандагы колдор Кэмерондуку. Ал сологой болгондуктан, кадрларды “күзгү” эффектиси менен оңдоп коюшкан. Таланттуу режиссёр бардык жактан таланттуу турбайбы!
  • Жектин ролуна актёр Макалай Калкин, ал эми Роуздун ролун аткарууга Гвинет Пэлтроу кастингге катышышкан.
  • Жарнамалык иш-чараларды кошуп эсептегенде тасмага 250 миллион доллар сарпталган. 2 жыл ичинде “Титаник” бул акчаны 8 эсе чоң көлөмдө кайтарып алган. 2 миллиард доллар бүткүл дүйнө жүзү боюнча топтолгон.

ЫСЫМЫ «ТИТАНИК» МЕНЕН ТҮБӨЛҮК БАЙЛАНГАН ЖЫЛДЫЗДАРДЫН СЫРЛАРЫНАН

Леонардо Ди Каприо
Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда Лос-Анжелесте (АКШ, Калифорния) туулган.
“Титаникке” тартылып жүргөн кезинде Лео чоң кескелдирик бакчу. Күндөрдүн биринде байкуш жаныбар машинанын алдында калат. Сүйүктүү кескелдиригин айыктырып алуу үчүн Лео 2 күн “жумушка” чыккан эмес.
Лео тасмадагы шериктеши Кейтти катуу сүйүп калган. Бирок, Кейт мамилелерине чек койгон.
“Титаник” жарык көргөндө дүйнөдө кадимки “дикаприомания” оорусу башталган. Күйөрмандар Леону эч жерде жай коюшчу эмес. Күтүлбөгөн популярдуулукка даяр болбогон актёр тез аранын ичинде арак, баңгиге берилип, семирип кеткен. Шүгүр, бул оорудан актёр тез эле айыкты.

Жеймс Кэмерон
Белгилүү “Терминатор”, “Чоочундар” сыяктуу шедеврлерди жараткан Жеймс Кэмерон 1954-жылы 16-ав­-густта Онтариодо (Канада) туулган.
Сценарист, актёр, продюсер, сүрөтчү, жазуучу, акын, композитор жана режиссёр Кэмерон кесиби боюнча кадимки физик.
“Титаник” фильминин бюджетин башта 135 миллион деп пландашкан. Бирок, Жеймс Кэмерон бул санды 200 миллионго жеткиргенде, ага сөз берилген 8 миллиондук гонорардан жана кирешенин бир канча пайызынан куру калган. Ошентип, улуу режиссёрго “Титаниктен” байлык эмес, түбөлүк атак-даңк гана калды.

Кейт Уинслет
Голливудда “англиялык роза” деген атка конгон Кейт Уинслет 1975-жылдын 5-ок-тябрында Беркширде (Англия) төрөлгөн.
33 жашар актриса 45 тасмада образ жаратканга жетишкен. Ал эң сүйүктүү образым деп ага атактуулукту алып келген “Титаниктеги” Роузду эсептейт.
“Титаник” тартылып жатканда катышуучуларга билинбеген гидрокостюмдарды кийгизишкен. Актёрлордун көбү анын ыңгайсыздыгынан кийүүдөн баш тартышкан. Ошолордун арасындагы актриса Кейт Уинслет тасма тартылып бүткөндө пневмония оорусу менен ооруп калган.
Актриса “Титаниктин” бет ачарына келген эмес. Так ошол мезгилге чу­кул Кейттин жигити рак менен ооруп, актрисанын колунда каза болгон.
“Титаник” актрисага жаңы жакын досторду тартуулаган. Ырчы Селин Дион менен Кейт – сырдаш курбулардан.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21565;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: