ГРОМОВДОР

Учурда орусиялык Биринчи каналдын эфиринен берилип жаткан кожойкелердин кезектеги “оорусуна” айланган “Гро-мовдор” үйбүлө­лүк сериалы тууралуу кызыктуу маалыматка көңүлүңүздөрдү бөлө­бүз.

Режиссёру – Александр Баранов
Сценарийин жазгандар – Аркадий Казанцев, Александр Баранов, Бахыт Килибаев
Продюсерлери – Тимур Бекмамбетов, Бахыт Килибаев
Ролдордо: Фёдор – Сергей Маховиков, Мария – Лариса Шахворостова, Настя – Глафира Тарханова, Саша – Василий Лыкшин, Савва – Василий Прокопьев, Никита – Павел Бендюк, ошондой эле Инга Оболдина, Светлана Чуйкина, Владимир Меньшов, Александр Баширов, Павел Деревянко, Кирилл Плетнёв жана башкалар

МАЗМУНУ
“Громовдор”. Тасманын башкаармандары – Совет учурунда жашаган жөнөкөй үйбүлө: Мария, Фёдор, алардын балдары Настя, Саша, Савва, Никитка жана кичинекей Ваня. Фёдор шахтада иштейт, Мария болсо – мугалим. Алардын жайбаракат жашоосу жок жерден болгон окуядан улам бузулат. Ата-энеси менен эрте кош айтышкан төрт биртууганды тагдыр эң кенже биртууганы Ванядан да ажыратып, мындан кийинки жашоолорун өз алдынча улантууга мажбур болушат.
Алар баштарынан эмнелерди гана өткөрүшпөйт: зордук-зомбулук, ачкачылык, түрмө, кумар оюндары, балдар үйү... Эң негизгиси, Громовдор бир үйбүлө экенин эстеринен чыгарышпай, татаал турмуш менен алышып келишет.
“Громовдор. Үмүт үйү”. Бул бизге жакшы тааныш болуп калган төрт биртуугандын окуясынын уландысы. 1979-жыл. Москванын четиндеги Химки айылы. Настя бөбөктөрүн ээрчитип чоң энесинин үйүнө келет. Бирок, аларды биякта эч күтүшпөгөн. Кайрадан турак-жай издөө, жумушсуздук, туугандар менен батышпагандык сыяктуу маселелер Громовдордун башына түшөт. Бирок, ынтымак баарын жеңип чыгат эмеспи...
Жакынкы серияларда бойго жетип калган Настя жана анын үч инисинин жашоосунда бактылуу күндөргө да кезек келет. А балким, бул негизги окуянын башталышы гана болуп жүрбөсүн...

ЖАРАТУУЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ
2006-жылы «Меркаба фильм» киностудиясында тартылган көп сериялуу көркөм тасма – Казакстандын кулундары А.Баранов, Б.Килибаев жана Т.Бекмамбетовдун бирге жараткан эмгеги. Учурда Орусиянын “Биздин кино” коллекциясын толуктаган сериалды анын популярдуулугу жана рейтинги боюнча “Түнкү күзөт”, “Күндүзгү күзөт” долбоорлорунун катарына кошушат.
Александр Баранов өзүнүн туңгуч тасмасынын («Дамир+Дина») сценарийин курсташы Бахыт Килибаев менен чогуу жазган. Ошондо Казакстанда жана жакынкы арадан бери Орусияда да атактуу болгон кинодуэт пайда болгон. Экөө учурунда чоң тартыш жараткан “Ийне” (Виктор Цойдун өмүр баянын чагылдырган) тасмасын тартышкан. Эми таланттуу төрт кол биригип бүткүл КМШдагы көрүүчүлөрдү күйөрманга айланткан “Громовдор” сериалын жаратышты.

КҮЧТҮҮ РЕЙТИНГ
2006-жылы ар бири 45-50 мүнөткө созулган, 12 сериядан турган “Громовдор” башталаар замат эле кеңири аудиторияны камтып алды. Тасманын алгачкы 12 сериясы РТР каналынан көрсөтүлгөнү эсиңизде болсо керек. Эч бир жарнамасыз, жарыясыз көрсөтүлө баштаган сериалдын убактысы эфирдеги башка популярдуу көрсөтүүлөр менен параллель туруп калган. Буга карабастан сериал тез аранын ичинде РТР каналынын рейтингин көтөрө алган. Тасманын биринчи сериясын көрүүчүлөрдүн 8,5 пайызы көрө баштаган да, акыркы сериясында бул сан 17,6 пайызга көтөрүлгөн. Албетте, мындай бийик рейтинг тасманын сапаттуулугунан кабар берет.
13-24-сериялар тартылып, көрсөтүүгө даяр болгондо Биринчи канал (ОРТ) тасманы көрсөтүү укугуна ээ болууга шашкан. Биринчи каналдын көрүүчүлөрүнө окуя түшүнүктүү болуш үчүн адегенде алгачкы 12 серия, андан соң январдын аягынан тартып “Громовдор. Үмүт үйү” көрсөтүлө баштады. Буюрса, февраль айынын ортосуна жетпей окуянын аягы эмне болуп бүтөөрүнө күбө болобуз.

УЛАНДЫСЫ БАРБЫ?
Кээбир расмий эмес булактарда “тасманын 3-сезону да бар” деген маалымат тараган. “Жалпысынан 36 сериядан турган фильмдин Биринчи каналдын эфиринен кетип жаткан сериялары 80-жылдарды камтыйт. Ал эми акыркы 12 сериясы биздин күндөрдү чагылдырат” деген кептер бар. Бул маалымат чын болсо, күйөрмандардын сүйүнүчүнө гана.

ГРОМОВДОР ЧЫНЫНДА КИМДЕР?
Режиссёрдун ою боюнча тасмага жалаң профессионал эмес, бүгүнкү күнгө чейин эч жерде жүзү тааныла элек актёрлор тандалган. Аз убакыт ичинде ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн өзгөчө орун алган “Громовдордун үйбүлөсү” менен жакындан тааныштырабыз.

АКТЁРДУК ДУЭТ
Мария Громова – Лариса Шахворостова бир нече жыл драматикалык театрда иштеген. Ошону менен бирге эле телевидениеде эки көрсөтүүнү алпарганга жана жаш теледикторлорду даярдаганга жетишчү.
Ал эми Фёдор Громовдун образын жараткан Сергей Маховиков күйөрмандары үчүн таланттуу актёр жана режиссёр гана эмес, аткаруучу катары да белгилүү. Анын гитарада ойноп жаздырган бир нече альбому жарык көргөн. Актёр азыркыга чейин күрөш менен машыгат.
Эки актёр сүйүктүү жубайлардын ролун аткарышкан. Чоң сүйүүнү укмуштуудай чындыкка окшоштуруп бере алгандыктарынын себеби, экөө чыныгы жашоодо да жубайлар. Тасмадагыдай көп бала күтө элек болсо да, 2002-жылы татынакай кыздуу болушкан.

НАСТЯ – ЭЛДИН СҮЙМӨНЧҮГҮ
Сериал тууралуу интернеттен келген каттардын биринде “Настяны көргөндө тунук булак менен жуунгандай болосуң” деген сөз­дөр жазылган. Эч кандай макияжсыз, жө­нө­көй, эски кийим кийсе да жарашкан актриса Глафира Тарханова азыр 25 жашта. Театрга келе электе өзүн сууда сү­зүү­дө, ырдоодо, бий­лөөдө, кийим тигүүдө, косметологияда сынап көргөн. Экинчи билим алуу максатында МГУнун психология факультетинде окуйт.
“Көпчүлүк мени 17-кылымдагы кыздар менен салыштырышат. Мен аларга таарынбайм, себеби, чынында эле өзүмдү заманбап эмесмин деп эсептейм. Моданын аркасынан кууп, жалтырак кийингенди жактырбайм. Сүйлөгөнүм, өзүмдү алып жүргөнүм да өтө токтоо. Интимдик эпизоддорго тартылуудан баштартып, режиссёрлор менен урушканымдын бир себеби да ушундай олуттуу мүнөзүм”, - дейт актриса.
“Громовдор” Глафирага атактуулук алып келсе, дагы бир “Негизги калибр” деген тасма чыныгы бакытты тартуулаган. Аталган тасманы тартуу учурунда Глафира актёр Сергей Фадеев менен таанышкан. Анын күтүүсүз жерден “үйлөнөлү” деген сунушун актриса дароо кабыл алган. Эки жаш 3 жылдан бери бактылуу үйбүлөлөрдүн катарын толуктап келишет.

САШАНЫН МАШЫКТЫРУУЧУСУ – ЧЫНЫГЫ БОКCЧУ
«Громовдор» фильминде Сашанын образын жараткан 1987-жылкы Василий Лыкшин буга чейин белгилүү “Акмактар” (“Сволочи”) тасмасында чакан ролду аткарган. Чыныгы жашоосунда да бир жолу өспүрүмдөр колониясында отуруп чыккан.
Саша Громов – профессионалдуу боксёр. Тасмада анын мушташкан эпизоддору чындыкка жакын болуу үчүн атайын машыктыруучу жалдашкан. Кийин ал машыктыруучуну, атактуу боксёр Игорь Высоцкийди да тасмага кошууну чечишкен. Жашоодо да Василий Саша сыяктуу кичинекей балдарга болуша берет да, мунун айынан өзү көп таяк жейт.
“Фильмдеги каарманым Саша экөөбүз бири-бирибизге окшошуп кетебиз. Менин да Настя аттуу улуу эжем жана 3 иним бар”,- дейт Василий.
Тасма тартылып жатканда актёрлор мейманканада жатышчу. Күндөрдүн биринде Василий ысык сууну өчүрүүнү унуткан бойдон уктап калган. Астынкы 2 кабат андагы болгон буюм-тайымдар менен сууга толгон. Жок жерден чыгым жараткан бул жоругу үчүн жаш актёр гонорарынын белгилүү бөлүгүнөн ажырап калган.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ АКТЁР
Жаш болсо да таланттуу актёр Василий Прокопьев актёрдук топтун ичинен көрүү­чүлөргө өзгөчө жагаары талашсыз. Учурда бул жаш талант мектепти аяктап, жогорку окуу жайына өтүүнү пландап жатат.
Сериалга жаш балдар кабыл алынып жаткандыгын Василий машина жууп акча таап жүр­гөндө тааныштарынан угат. Кастингге барып, дароо режиссёрго жагып калат.
Журналисттерге берген интервьюларында Василий: “Савва экөөбүз бир аз окшошпуз. Анын бир эжеси, 3 эркек биртууганы бар. Менин болсо 2 эжем, 5 эркек биртууганым бар. Ал эми карталар тууралуу айтсам, мен Саввага окшоп кумар оюндарына алдырбайм”,- деп айткан.
Савванын эсинде калган эпизоддордун бири – картачы Толян менен милиционердин оюну. Колу канжалаган милиционер Савваны моюнунан кармап муунтуп жатканда актёр чындыгында эле чочуп кеткен. Кадрда анын алайган көздөрү – мыкты аткарганы эмес, чын эле корккону.
Василий кинодон алган биринчи гонорарына апасы менен өзүнө уюлдук телефон, бөбөктөрүнө сыналгы менен видеомагнитофон сатып алган.

КИЧИНЕКЕЙ ТАЛАНТ
“Түнүң бейпил болсун, ата. Түнүң бейпил болсун, апа. Түнүң бейпил болсун няня...” деп баарын санап чыкмайынча уктабаган кичинекей Никитанын ролун укмуштуудай сонун аткарган Павел Бендюк болгону 9 жашта. Классындагы эң атактуу бала Жеки Чандын мультфильмдерин көргөндү жана “Доширак” кесмесин жегенди жакшы көрөт экен. Никита Громов – Павелдин алгачкы ролу.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • “Громовдордун” жана башка атактуу фильмдердин продюсери, жакында жарык көргөн “Тагдыр тамашасы. Уландысы” фильминин режиссёру Тимур Бекмамбетовдун чыныгы аты-жөнү – Тимуржан Бекмагамбетов.
  • “Громовдор” сериалынын 24 сериясынын жалпы бюджети 2 миллион долларга жакын барат.
  • Тасма башталаарда анын негизги саундтреги болгон “Булбул” деген ырдын сырдуу окуяга байланышы бар. Ырдын сөзү менен обонун ХХ кылымдын башында эле 10 жашар бала жазган. 1988-жылы аны башка 10 жашар бала аткарат. Ыр жазылган кассетаны качандыр бир кезде “көрөсүң, кереги тийет” деп бейтааныш кемпир режиссёр А.Барановдун колуна карматып кетет. Кийин чындыгында эле ыр керекке жараганда анын авторун издеп таба албай коюшкан. Ал эми аны ырдаган бала 17 жашында сүзгөндү билгенине карабастан дарыяга чөгүп өлгөнү белгилүү болгон.
  • Кичинекей ымыркай Ваня Громовдун ролун аткарган бөбөк чындыгында эркек эмес, кыз болгонун эч ким байкабаса керек. Тасмага катышып калган эң кичинекей актрисанын аты Аня болчу.
  • Тасмада сүрөттөлгөн окуя 80-жылдарды чагылдырат. Так ушул мезгилде дүйнөлүк Олимпиадалык оюндар Советтер Союзунда болуп, атактуу мамалак көккө көтөрүлгөн эле. Эми сериалдын жаратуучулары легендарлуу олимпиядалык мамалакты кайрадан асманга учурушат.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 275, 8-14-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан