Кайда барбасын комузун колтугуна кыса жүргөн ырчы Элмира Кайып кызы денсоолугун чыңдоо үчүн Ысыката курортунда 10 күн жүрдү. Ал жерге Элмира муун ооруларынын алдын-алуу үчүн барган. Элмираны тааныган кары-картаңдар ырчыны комуздун коштоосунда 10 күн ырдатышкан. Ырчынын эмгегин баалаган карылар ырчыга “бирдик салып ал” деп акча кыстарууну да унутушкан эмес. Курорттогулардын көбү карылар болгондуктан, ырчы: “Ал жерде өзүмдү карыларга ырдоо үчүн келгендей сездим”,- дейт күлүп.