Кыргызстан менен Казакстандын чегарасындагы Чалдыбар айылынын үстүндө “Чолокарык” эс алуу жайы бар экенин көпчүлүк билет. Ошол жайда чет өлкөлүк достору менен эс алып жүргөн ырчы Бекназар чоң эрдик жасады. Тактап айтканда, эс алып жүргөн казак бажыканасынын полковниги көлгө чөгүп кеткен. Аны байкап калган ырчы полковникти чачынан сүйрөп суудан алып чыккан. Бактыга жараша, полковник мырза жасалма дем алдыруудан кийин эсине келип, жанын аман сактап калгандыгы үчүн ырчыга ыраазычылыгын билдирген.