Сема чоң суммадагы гонорарга ээ болгону турат

Учурда Ысыккөлдө эс алып жаткан якут режиссёру Александр Балбанов дүйнөлүк фестивалдарга катышуучу кино тартканы жатат. Режиссёрго азият улутундагы жаштар керек экен. Ошондуктан, ал жаңы тартылган кыргыз тасмаларын карап чыккан. Жыйынтыгында, жаш ырчылардын катышуусу менен тартылган “Кайып булак” тасмасынан Семанын келбетин, ойногондорун жактырып калган. Ырчыны ыйлатып, күлдүрүп, жаткырып, отургузуп сүрөткө тарткандар азырынча Сема тасмага тартылабы, жокпу, жооп берише элек. Баса, эгер ырчы тасмага тартыла турган болсо, режиссёр ага көп суммадагы гонорар төлөп берүүгө сөз бериптир.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан