Алтымышты ортолоп калганына карабай эмдигиче сын-сыпатынан жазбаган чырайлуу аял, маркум Күлчоро Аскаровдун жубайы Эркин эже чай үстүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Билем, түбөлүк жашаган эч ким жок. Жакынынан айрылуу баарыбыздын башыбызда бар. Бирок, аны жоготуу мен үчүн жер астын-үстүн болгондой эле кеп болду. Өмүр бою көзүмө карап, “эмне жегиң келет, эмне ичкиң келет, эч жериң ооруган жокпу?” деп өнтөлөп жүрүп үйрөтүп койгон экен. Кокусунан минтип каза тапканынан улам өзүмдү жоготуп, эгизин жоготкон жетим козудай эле болуп калдым.
– Биз билгенден, агай дайыма шайдоот, кабагы ачык жүрчү. Аны көргөн адам 68 жашта деп ойлобосо керек эле. Анан эмне болуп кетти?
– Тагдыр экен да. Ушунча жыл жанында жүрүп “бир жерим ооруду” деп даттанганын укпагам да, көрбөгөм. Бирок, кан басымы жогору болчу. Ошол каргашалуу күндүн алдында туулуп-өскөн айылына, Токтогулга барып келген. Жай саратан күчөп турбады беле. “Кыйналып калбас бекенсиң. Машинаны бирөөгө эле айдатып ал”,- деп сурансам көнбөй, өзү айдап кеткен. Айылдан келгенден кийин эле кан басымы көтөрүлүп кетпедиби. Ажал жетип калса, адамдын колунан эч нерсе келбейт экен. Кан басымы такыр төмөндөбөй, кан тамыры жарылып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Таңга жетпей үзүлүп кете берди.
– Арты кайырлуу болсун. “Жакынкы күндөрдө дагы китеп чыгарам” деп жүргөн эле...
– Бир эмес, оюнда эки китепти даярдап жүргөн. Айтымында, “ишке ашырам” деген дагы далай планы бар эле. Эми арманымды кимге айтмакмын, бассам-турсам ал кармаган буюмдарды, ал жакшы көрүп өстүргөн гүлдөрдү карап коюп отурам.
Эже менен сүйлөшүп отуруп, бет маңдайымда илинүү турган сүрөткө көзүм түштү. Аганын жигит кезиндеги сүрөтү экен.
– Жаш кезинде ушундай сулуу беле?
Дубалда илинүү турган сүрөттү карап, эже улутунуп алды.
– Абдан сулуу болчу. Чынын айтсам, биринчи көргөнүмдө эле жактырып калгам. Ал кезде Күлчоро мединституттун студенти экен. Биз жашаган үйдүн бет маңдайында институттун жатаканасында жашачу тура. Айтор, күн сайын узун бойлуу, баскан-турганы, кийингени тыкан, келишимдүү жигитти көрүп калчумун. Азыркы кыздардай болуп өзүбүз барып тааныша калмай кайдан ал кезде. Күн алыс караанын көргөнүмө ыраазы болуп жүрө бергем. Көрсө, байкеңер деле мени байкап, сыртымдан жактырып жүргөн экен. Экөөбүз бир кечеде таанышып калып, эзелтеден тааныш адамдардай жакын болуп кеттик.
– Сиз шаардык кыз болсоңуз, тоолук жигитке турмушка чыккандан корккон жоксузбу? Ата-энеңиз каршы болгон жокпу?

– Күлчоронун ошол кезин көргөн кыздар анын тоолугуна карап отурбаса керек эле. Мединститутту бүтөөр замат жолдомо менен ГДРга кеткен. Ал жакта 5 жыл аскердик врач болуп иштеп жүрдү. Эки жылдан соң келип үйлөнүп, мени кошо ГДРга алып кетти. Ата-энем аны айылдык деп жеришкен жок. Болгону: “Жакшылап ойлонуп таразалап көрбөстөн, өтө эле шашылыш турмушка чыкканы жатасың. Макул, бул жигит жакса, каршылык жок”,- деп кыйылышкан. Германияда чогуу үч жыл жашадык. Тун уулубуз Назым ошол жакта төрөлдү. Кайра Кыргызстанга келген соң мединституттун аскердик кафедрасында пенсияга чыккыча иштеди. Аскердик тартип боюнча пенсияга эрте чыгышат эмеспи. 45 жаштагы Күлчорону пенсиядагы адам деп элестетүү мүмкүн эмес эле. Өзү да тамашалай: “Кычыраган эле жигит кезде пенсияга чыгып отуруп каламбы?”- деп калчу. Көрсө, сексопатология боюнча Кыргызстанда иш алып барууну ошондо эле оюнда бышырып жүргөн экен.
– Демек, сексопатология менен пенсияга чыккан соң алектене баштаптыр да?
– Эгер көздөгөн максатыңды так билсең, аны ишке ашырууга эч качан кеч болбойт экен. Пенсияга чыгаары менен Украинанын Харьков шаарынан сексопатология боюнча курстан окуп келип, ишке киришти.
– Башында түшүнбөстүктөр көп болгон чыгаар?
– Кыргызда сексопатологияны кесип кылган адам эзели болду беле? Дегеле кандай ишке болбосун биринчи чыйыр салуу кыйын эмеспи. Айтор, бул кесиптин элге керек экенин түшүндүрүп, жайылтууга эле канча убактысы, энергиясы кетти. Башка адам болсо мынчалык популярдуулукка, ийгиликке жетише албаса керек эле. Анын ийгиликтеринин бир сыры көпчүлүк менен бат тил табышып, журналисттер менен жакшы иштеше алгандыгында болсо керек. Кандай көрсөтүүгө, түз байланышка, гезит-журналга чакырышпасын, дайыма сүйлөп берүүгө даяр болчу. Эсимде, аны сексопатолог катары көпчүлүккө биринчи жолу азыркы белгилүү ырчы Светлана Назаренко тааныштырган. Анда бул ырчы “Пирамида” телеканалындагы “Свет в окне” берүүсүн алып барчу. Ошол берүүгө Күлчорону чакырып, көрүүчүлөр менен сексопатология боюнча түз байланыш уюштурган. КТРдагы “Коломто” берүүсүнө да далай ирет чыкты. “Сексуалдык жактан сабаттуу болбогону үчүн далай жубайлар араздашып, ажырашып, бири-биринин көзүнө чөп салып, атүгүл айрымдар ушул маселенин айынан өзүн-өзү өлтүрүп салган учурлар кездешет. Эгер ошону калкка түшүндүрүп, жеткире алсам, чоң иш жасаган болом”,- деп айтаар эле. Менимче, бул тилегине жетти. “Эки жүрөк, бир сүйүү” китеби жарык көргөн соң жардам сурап келген пациенттеринен бошой албай калды. Китептин кеңири тарап кеткени ушунчалык, өмүрүндө борбор шаарга келмек түгүл врачтарга кайрылып көрбөгөн тээ алыскы айылдардын тургундары Күлчорону издеп келе башташты...
–
Миңдеген пациенттерге аял менен эркектин мамилелери кандай болушун үйрөтүүнү кесип кылган киши үйдө кандай кожоюн эле?
– Чынын айтсам, Күлчоро тагдырдын мага берген белеги болду. 40 жыл бою мага бир ооз катуу кеп айтып, көңүлүмө карабай иш кылган жок. Азыркы жигиттер эки ирет жолугушууга гүл алып келип, ошол боюнча андайды унутуп салышса керек. Күлчоро болсо 68 жаш курагында да мага гүл менен келчү. Майрам күндөрдү күтүп отурбай эле дем алыш күндөрү майрам уюштуруп жиберчү. Өзү дайыма кабагы ачык, шатыра-шатман, кызыктуу киши эмес беле. Ырдачу жерден ырдап, жетимишке таяп калганына карабай өмүр соңуна чейин азыркы бийлерден тартып рок-н-ролл, твист дегендин акесин тааныта бийлечү. Балдары, неберелери менен менин маңдайымда бапырап отурганды өзгөчө жакшы көрөөр эле. Мен кандай жемиштерди, кандай гүлдү жактырсам, ошонун баарын дачага өстүрүп берди. Жайкысын шаардын ысыгынан качып, дайыма дачада жашаар элек. Розаларды өзү да жакшы көрчү. Издеп жүрүп розанын тандамал сортторун таап, жаш баладай карап багаар эле. Эми алар да ээсин жоктоп, томсоруп турушат.
Атпай журтка таанымал, кыргыз журтуна биринчилерден болуп сексопатология жаатында түшүнүк алып келген дарыгер-сексопатолог Күлчоро Аскаровдун өмүр жолу 1940-жылы 10-июнда Токтогул өрөөнүндөгү айтылуу Үчтеректин чаңдуу чыйыр жолдорунан башталган. Жылаңайлак чырпык ат минип ойной турган балалык кези кан күйгөн согуш жылдарына туура келип, 1943-жылы атасы Аскар согушта окко учуп, эрте эсейип, турмуштун кыйынчылыгын эрте күндө таткан. Бүлөдө алты биртуугандын ортончусу, кыргызга таанымал философ, адабий сынчы Теңдик Аскаровдун иниси эле. Жашоодо өзгөчө өнтөлөп сыйлаган жубайынын, эки уулунун, эки небересинин таянаар тоосу эле. Тагдыр экен, эки уулунун бири эрте күндө дүйнө салды.
Атын кыргыздын кыйырына тааныткан “Эки жүрөк бир сүйүү” китеби эркек менен аялдын ортосундагы элге айтылгыс төшөк маданиятына арналган. Эки ирет басылып, дүкөндөрдө, базарларда талашка түшкөн бул китепти азыркынын тили менен айтканда, бестселлер десе болчудай.
Күлчоро агай өмүрүнүн акыркы күндөрү атасы туралуу китеп жазсам деп жүргөн. Агасы Теңдик Аскаровдун айтымында, каза табаардан аз күн мурун агасын ой-боюна койбой айылга алып барган. Ага-ини айылда жашы токсондон ашып калган атасынын кары теңтушуна барышып, атасы тууралуу айткандарын жаздырып келишкен. Туулуп-өскөн айылын кайрылып эч качан көрбөсүн билбей, маркум айылдан көңүлдүү кайткан. Бирок, атасы жөнүндө китеп жазуу тууралуу тилегин ишке ашырууга үлгүрбөдү.