Жакындан бери актёрлук чеберчиликти да аркалап келаткан ырчы мырза Акбар Сүйүнбаев эми калемин сынап, роман жазууда. Чыгарма “Көмүскөдө калган махабат” деп аталат. Кызыктуусу, роман чындыктын негизинде жазылууда. Акбар романын жазып бүтөөр замат аны кыргызстандагы белгилүү акын, жазуучуларга текшертип, анан элге сунмакчы. Бул үчүн Акбар азыртадан китебин чыгарууга жардам бере турган демөөрчүлөрдү издөөдө.