Ататүрк-Алатоо Эл аралык университетин “жакшы” деген баалар менен аяктаган Нурзат Токтосунова кайрадан студентке айланды. Кыялында музыкалык билим алууну ойлоп жүргөн алпаруучунун бул тилеги ишке ашып отурат.Искусство институтуна өтүү үчүн берген үч сынакты жалаң “бешке” тапшырган Нурзат эми студенттердин катарына кирди.