Көгүлтүр Ысыккөлдүн Долинка айылындагы пансионаттардын биринде Кыргызстандын сулуулары ат салышты. Кыргызстандын бардык аймагынан келген бийкечтердин катышуусундагы бул сынак “Жаңы жүз” деп аталды. Сулуулардын атын атап, суйкайта эл алдына чыгарып гана турбастан, өзүнүн чырайлуулугу менен да кеченин көркүн ачкан алпаруучу Айя Садырова болду. Ырчылык талантынан сырткары алпаруучулук да жөндөмү бар экенине Айя өзү да таң калды.