Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КАНТКЕНДЕ ЭРКЕК БАЛА ТӨРӨЛӨТ?

№277 22-28-февраль, 2008-ж.


(ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ БОЮНЧА)

Үйбүлө курган жубайлардын ортосунда «перзенттүү болуу керек» деген чоң максат пайда болот. Андан кийинки маселе ошол перзенттин уул же кыз болушуна барып такалат. Наристелүү болууну пландоонун алдында анын жынысын да пландоого болот. Ал эми «кантип?» деген суроого илимий көз караштар менен кошо түрдүү ыкмалардан да жооп издеп көрөлү.


НАРИСТЕНИН УУЛ ЖЕ КЫЗ БОЛУП ТӨРӨЛҮШҮНӨ КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Ар бир айда аялдын эн безинен бир гана тукум клеткасы өсүп-өнүгүп турат. Мына ошол тукум клеткада тышкы көрүнүшү боюнча “Х” тамгасына окшош болгон ургаачылык касиети бар (эркектик касиети такыр жок) бир гана “Икс” заты бар.
Эркектин бир таштаган бел суусунда 4 миллиарддан ашык урук клеткалары кыжылдап сүзүп жүрөт. Алардын 2 миллиарддайынын тышкы көрүнүшү “У” тамгасына окшоп, “Игрик” деп аталган эркектик касиети бар заттарды алып жүрүшөт. Калган 2 миллиард урук клеткалары тышкы көрүнүшү боюнча “Х” тамгасына окшогон “Икс” деп аталган (так аялдардыкындай) аялдык касиети бар заттарды алып жүрүшөт.
Эркектин 4 миллиард урук клеткаларынан бир гана урук клеткасы аялдын урук клеткасына жетип, аны менен куюлушуп уруктана алат. Калган урук клеткалардын баары кырылып жок болушат. Аялдын жетилип турган жалгыз урук клеткасына эркектин кайсыл “Х” же “У” урук клеткасы биринчи болуп жетип келишине карап, наристе кыз же уул болот.
Эгер эркектин “Х” ургаачы касиети бар клеткасы биринчи болуп жетсе, аялдын урук клеткасына кошулуп, “Х”+“Х”= ХХтен кыз пайда болот.
Эгер эркектин “У” эркектик касиети бар урук клеткасы аялдын урук клеткасына кошулса, анда “Х”+”У” = ХУ эркек баланы пайда кылат.

НАРИСТЕНИН ЖЫНЫСЫН ПЛАНДООДОГУ ЫКМАЛАР
Убакыт ыкмасы
Ар бир айда аялдын оң же сол эн безинен урук клеткасы бышып жетилип турат. Жетилген урук клеткасы аялдын эн безинен чыккандан тартып, аялдын дене жылуулугу жогорулап, эти 3 күнгө дейре ысып турат. Демек, аялдын боюна болуу мүмкүнчүлүгү күчөйт. Мына ушул дененин ысып, өйдө-ылдый болушун 3-4 ай бою так ченеп билип туруп, аялдын боюна эркек же кыз бала болоорун аныктаса болот.
Аялдын эти ысып, дене жылуулугу көтөрүлөөрүнө бир күн (24 саат) калганда же аялдын денеси ысыган күнү жубайлар кошулушса, анда эркек бала бойго бүтөт. Ал эми аялдын денесинин ысып, дене жылуулугу көтөрүлөөрүнө 3-5 күн калганда жыныстык катнаш болсо, анда аялдын боюна кыз бала бүтөт.

ТӨШӨК КАТНАШЫНЫН МӨӨНӨТҮН САКТОО ЫКМАСЫ
Дагы бир көз караш менен карасак, төшөк катнашынын аз же көп болоорлугу да баланын жынысы үчүн роль ойнойт.
УУЛ БАЛА ҮЧҮН

  • Төшөк оюну канчалык көп болсо, уул баланын төрөлүшүнө мүмкүнчүлүк бар. Анткени, жатындын жыйрылып, кыскарышы сперматозоиддердин кыймылын ылдамдатат. Эркек уруктугун аялдын жыныс кынына тереңирээк таштоосу керек.

Айта кетүүчү нерсе, бири-бирин сүйгөндөр өз ара тартылып турушат да, секске бат-бат барышат. Натыйжада, уулдуу болушат. Андыктан, жубайлар, уулдуу болом десеңиздер, бири-бириңиздерди жакшы көрүңүздөр!
КЫЗ БАЛА ҮЧҮН
Жубайлар өздөрүн карманып, төшөк оюнуна 3-4 күндө бир баруулары керек. Эркек болсо уруктугун кындын кире бериш жерине таштоосу туура.

ӨЗГӨЧӨ ЫКМА: КАНДЫН ЖАҢЫРЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ
Эркектердин каны 4 жылда, ал эми аялдардын каны 3 жылда бир жаңырып турат. Эсептөө адамдын төрөлгөн күнүнөн башталат. Бойго бүткөн кезде жубайлардын кимисинин каны жаңы болсо, бала анын жынысында төрөлөт. Мисалы, бойго бүткөн кезде эркектин каны жаңы болсо, уул бала жарыкка келет.

АЙЫЗ КАЛЕНДАРЫН ЭСЕПТӨӨ ЫКМАСЫ
Бул ыкманы ишке ашыруу үчүн айыз календарын өтө тактык менен эсептеп чыгуу кажет. Эгерде жыныстык катнаш айыздын келээр убактысынан туура 11-12 күн мурун болуп өтсө эркек, 13-14 күн калганда болуп өтсө, кыз бала төрөлөт. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда, бул ыкманын тууралыгына 87 пайыз кепилдик бар.

ДИЕТАЛЫК ЫКМА
Айрым бир көз карашка таянсак, болочок баланын жынысына тамак-аштын таасири чоң. Сунушталган диетаны бойго болтуруудан мурун 3 ай бою сактоо керектелет.
ЭРКЕК БАЛАЛУУ БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЖУБАЙЛАРГА ТӨМӨНКҮ ТАМАК-АШТАР СУНУШТАЛАТ:

  • Эт азыктары, анын ичинде колбаса, балык эти.
  • Суусундуктардан пиво, чай, вино, минералдык суулар.
  • Дан жана андан жасалган тамак-аштардан таттуу токоч, күрүч.
  • Кургатылган жемиштерден өрүк жана кара өрүк.
  • Жашылчалардан картошка, козу карын, ак буурчак.

Эскерте кетүүчү нерсе, уул балалуу болууну каалагандар тамакка тузду өткүр салуулары кажет.

КЫЗДУУ БОЛГУСУ КЕЛГЕНДЕРГЕ ТӨМӨНКҮ ТАМАК-АШТАРДЫ КӨП КОЛДОНУУ СУНУШТАЛАТ:

  • Дан азыктарынын бардык түрүн жегенге болот. Бирок, тузу аз жана ачыткы кошулбоосу керек.
  • Суусундуктардан кофе, какао, кальцийлүү минералдык суулар.
  • Жашылчалардан баклажан, кызылча, сабиз, бадыраң, нокот, пияз.
  • Жумуртка жана сүт азыктарынын бардык түрлөрү.
  • Таттуу тамак-аштан кыям, торт ж.б.

КЫТАЙ КАЛЕНДАРЫ БОЮНЧА
18-20 жаштагы келиндерден көбүнчө эркек бала, 21 жаштагылардан кыздар арбын төрөлөт. 22-25 жаштагылардан кыздар-балдар аралаш төрөлүшөт. 26-29 жашка чейинкилерден кыздар арбыныраак төрөлүп жүрүп отуруп, 30-35 жашка келгенде төрөлгөн кыздардын саны абдан көптү түзүп калат. Ал эми 36дан 45ке чейин кайра кыздар менен балдар аралаш төрөлө башташат.

ЭЛДИК ИШЕНИМДЕРДЕН СИЗДЕ УУЛ ТӨРӨЛӨТ, ЭГЕРДЕ...

  • Эмчегиңиздин үрпү каралжын тартып кетсе.
  • Белокко бай тамак-ашка: этке, сүткө, сырга басым жасасаңыз.
  • Боюңузда жок кезге салыштырмалуу бутуңуз бат үшүй баштаса.
  • Алаканыңыз кургак болсо.
  • Кош бойлуулук ажарыңызды ачып, сулуу көрсөтүп калса.

СИЗДЕ КЫЗ ТӨРӨЛӨТ, ЭГЕРДЕ...

  • Сан менен жамбашыңызда май топтоло баштаса.
  • Таттууларды жана жемиштерди (өзгөчө апельсинди) көп талап кылууга өтсөңүз.
  • Маанайыңыз бат-бат өзгөрүлүп, эч нерсени сүйбөй, кежирлене баштасаңыз.
  • Эртең менен көбүрөөк көңүлүңүз айланса.
  • Чачыңыздын түсү өзгөрүлсө.

Даярдаган Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
20.11.2012. 01:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
24-08-2011
Соӊку аракети:
28-04-2014 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Блиин менин бутумун таманы жаман страшный ысып,кызып туну менен уктай албай кыйналчумун,ошол убакта кыш болчу Россияда терезени ачып ,бутуму муздак сууга салып, жууп келип терезе тарапка бутуму сунуп жатчумун же дубалды тээп жатып уктап калчумун.Тамандын ысыганы да жаман экен кеч кирип жатайык дегенде журогум безилдейт эле дагы бутум ысыйт экен да деп.Ошентип талгак да болуп больницада жатып чыгып кыз торогом.Бирок 2-синде да таманым ысыган анда уул тородум.Календарда туура эмес болуп калат экен
29.05.2014. 21:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
29-04-2014
Соӊку аракети:
03-01-2016 20:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо, мен экинчимди торойун дегем бирок эки жолу боюмдан тушуп калды, эми алты ай лечения алып буттум мага врач дюфостан деген таблетка жазып берген бойдон тушкондон сактайт деп, аны ичпейле койсом болобу ,же ичсем балага зыяны тийбейби,ушул суроомо жооп алып бериниздерчи
30.05.2014. 11:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
arzigul89, Саламатсызбы!
Тилекке каршы биз мындай маалыматка ээ эмеспиз.
02.12.2014. 01:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
01-11-2017 05:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Дюфастон может применяться во время беременности....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: