Кыргызстанда биринчи жолу «Чолпон жылдыз» аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлөт. Бул фестивалда Кыргызстандын атынан катышууга ат салышкан 11 талапкердин ичинен ырчы Ислам Акматов тандалып алынды. Эми Ислам Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» маданий этнографиялык борборунда 4-5-октябрда 22 мамлекеттин ырчылары менен тең тайлашат.