Баңгизаттарын колдонуу акыркы кездерде катардагы көрүнүшкө айланып баратканы – ачуу чындык. Мындай көрүнүш жөнөкөй калк арасында гана кездешпестен, жер бетиндеги элге үлгү болчу атактуу жылдыздардын арасында да өөрчүп кеткени өкүнүчтүү. Бүгүнкү «Дүйнө жылдыздары» рубрикабызда жагымсыз болсо да кызыгууну арттырган баңгизаттарын колдонгон айрым жылдыздар туурасында сөз козгосок...
ИРИНА АЛЛЕГРОВА
Россия эстрадасынын кадырман ырчыларынын бири Ирина Аллегрованы баңгизаттарын колдонот деп ким ойлоптур. Бирок, мындай сенсациялуу кабарды тараткан грузин улутундагы орусиялык журналист Отар Кушанашвили муну менен эле тим болбостон, Аллегрова тууралуу дагы бир таш жарган маалымат берген. Анын айтымында, ырчы баңгизаттын даамын алгачкы жолу 19 жашында татып көргөн. Учурда “Ирина баңги дүйнөсүнүн туруктуу тургуну” деп да айтып жүрүшөт. Ырчынын “мени башынан эле көпчүлүк жеңил ойлуу деп ойлошот. Анткени, жашоодо мен баарын татып көргөм. Күнүмдүк турмуш маселелерин унутуу, көңүл ачуу максатында кээде баңгизаттарынын жеңил түрүнөн колдончумун. Эки-үч жолу Алла Пугачёва экөөбүз чогуу да колдонуп көргөнбүз” деп жакындарынын бирине айткан сөзү интернет түйүндөрүнө тарап кеткен.
АНТОН ЗАЦЕПИН
Кээ бир маалыматтарга караганда, учурдагы Орусия ырчыларынын 50 пайызы баңгизаттарын колдонушат. Алардын ичинен 30 пайызы баңгиликке биротоло отуруп калгандар экен. Эгерде мындай статистикалык маалымат мурдараак чыкканда, мүмкүн мунун айынан каза тапкан Мурат Насыров сыяктуу көрүнүктүү инсандар терең ойлонушуп, аман калышмак беле, ким билет. “Фабрика звёзд” теледолбоорлорунун катышуучулары тууралуу да өкүнүчтүү жаңылык бар. Мүмкүн бул дагы ырчылар арасында модага айланган пи-ар маалымат чыгаар, ким билет. «Выше ростом только Губин...” деп ырдаган Антон Зацепин азыр кайда? Эмнеге чыкпай калды?» деп күткөн күйөрмандарынын арасында биздин мекендештерибиз да көп болсо керек. Көрсө, өзүнө-өзү терең ишенген ырчы Антон учурда баңгинин кумарында балкып жаткан кези экен. Алтургай “Антон теледолбоор жүрүп жаткан маалда эле баңгизаттарын колдончу” деген да сөздөр бар.
ДИМА БИЛАН
Акыркы күндөрү Дима Билан тууралуу да жагымсыз кабарлар тарай баштады. Алардын башкысы – Диманын баңгизаттарын колдонгондугу. Ырчынын продюсери Яна Рудковскаянын жолдошу Виктор Батуриндин айтымында, Дима мурдатан эле бул азгырыктын артынан ээрчий баштаган, бирок, акыркы күндөрү эл алдына да баңгинин кумары менен чыгып, керек болсо, мунун айынан кээ бир концерттерин токтотууга туура келип жатат. Ал эми акыркы жолу Диманы СТС каналы өз берүүлөрүнүн бирине тартылып берүүсүн суранып чакырышканда, элге көрүнүүгө мүмкүн эмес болгон абалда келген. Акыркы күндөрү интернет түйүндөрүнө чыккан Диманын баңгизаттарын колдонуу учурундагы тасмасын көрүп, жаның кейийт экен.
ЛИНДСЕЙ ЛОХАН
1986-жылы дүйнөгө келген америкалык атактуу актриса жана ырчы Линдсей Лохандын да баңги экендиги бир жылдан бери бардык массалык маалымат каражаттарында таратылып жүрөт жана муну көпчүлүк билсе керек. Бирок, актрисанын эң тажрыйбалуу жана баңгизатын баарынан көп колдонгон адам катары биле беришпейт. Таңкалыштуусу, Линдсей бир түн ичинде көбүрөөк өлчөмдөгү 20 жолчого тизилген кокаинди жыттай алат экен. Ал эми Линдсейдин баңгизаттарына биротоло берилип калганын өзүнүн атасы Майкл Лохан кабарлаган. “Бул – түздөн-түз мүрзөгө карай жол”,- дейт ал.
ЛОЛИТА
Былтыркы жылы “ырчы Лолита да баңгизаттарын колдонот экен” деген кабар тараган болчу. Ырчы бул “деңгээлге” жеткенге чейин “алкаш” деген атка да конгон. Маалыматтарга таянсак, Лолитанын бул жолго түшүп кетишине мурунку жолдошу Александр Цекало күнөөлүү. Себеби, ырчы тамекини да жолдошу менен ажырашкандан кийин тарта баштаган. Ошондон бери бул көрүнүш күчөп отуруп баңгизаттарына жеткен. Бирок, ырчы бул кабарды тастыктаган жооп сөз айткан эмес. Ошентсе да “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, көпчүлүк “Лолита баңгинин жеңил түрүнө баш ийип калган” деген ойдо кала берди.
БРИТНИ СПИРС
Ооба, бул ырчынын баңгизаттарды колдонгондугу сизге жаңылык болбошу мүмкүн. Мунун айынан бир канча акылга сыйбай турган жоруктарга барганын да билсеңиз керек. Бирок, Бритнинин баңгизаттарына баш ийип калгандыгы бизге 2003-жылы жеткени менен ырчы бул “тамактын” даамын 16 жашында курбулары менен алгачкы жолу татып көрүптүр. Бул тууралуу Бритнинин ошол кездеги курбулары өздөрү кабарлашкан. Ал эми кош бойлуу учурунда баңгизаттарынан баш тарта албастан кээде марихуанадан жыттап алгандыгы үчүн мурунку жолдошу Кэвин Федерлайндан жаза алчу экендигин угуп таңкаласың. Буларды угуп, Бритнинин балдарынын денсоолугуна кабатырланбай коюу мүмкүн эмес. Анткени, ошол эле учурда балдардын атасы Кэвин да баңгизаттарынын кумарына көз каранды эле.
ДРЮ БЕРРИМОР
33 жаштагы Голливуд жылдызы Дрю Берриморду да баңги дүйнөсүнүн “кадырман” айымдарынын бири катары кароого болот. Анткени, Дрюнун баңги экендигин тастыктаган маалыматтар бар. “Акчанын көптүгү да түздөн-түз баңги дүйнөсүнө жетелеп барат” деп да айтып жүрүшөт эмеспи, себеби, баңгизаттары арзан эмес. Актрисанын жакындарынын айтымына караганда, Дрю кээде жумасына баңги кумары үчүн 3 миң доллар акча коротот экен. Бул биздин курска которгондо 108 миң сомдун тегерегине жетет. Ал эми бул кумар үчүн мындан да көп акча короткондор бар. Мисалы, дагы бир Голливуд актёру Робин Уильямс өмүрүндө кокаин, героин, марихуаналарды сатып алуу үчүн эле 15 миллиондон ашык доллар акча сарптаганын кабарлаган.
Булардан тышкары баңгизаттарын колдонгон дүйнө жылдыздарынын тизмеси узун. Мисалы, Уитни Хьюстон, Пэрис Хилтон, Кэмерон Диас, Миша Бартон, Шарлиз Терон, Питт Доэрти, Кейт Мосс, Снуп Дог, Роберт Блейк, Гейл Портер, Нев Кэмпбелл жана башкалар. Ошондой эле орус ырчыларынан Тимати, Децл, Лариса Долина, Сергей Лазаревдер тууралуу да айтып жүрүшөт.
Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева