Ырчы Мирбек Иманбеков Кара-Буура районунун борборунан жол кырсыгына кабылды. Ырчы өзүнүн жолу менен келаткан машинанын бет маңдайынан чыга калган. Кырсык болгон жерде эч ким оор жаракат алган эмес. Жыйынтыгында, эки машина тең жарактан чыгып, Мирбек сүзгөн машинасын оңдотуп берген. Өзү үчүн кара түстөгү Мерседеске заказ кылган ырчы учурда жөө жүрөт.