Курмангазы Азыкбаевдин жетектөөсүндөгү “Энесай” тобу дүйнөнүн бардык бурчуна барып, кыргыз элинин мукам кайрыктарын таанытып келет. Бир ай мурун Кыргызстандын Англиядагы элчилигинен чакыруу кагазы келген. Андыктан, топтун бул жолку сапары Лондон шаарына болмокчу. Таланттуу үй-бүлө ал жактан жетим жана майып балдарга уюштурулуп жаткан кайрымдуулук концертине катышып келишет. Концертке биздин таланттуулардан сырткары да көп коноктор чакырылган. Мукам музыканын коштоосунда жаш балдардын көңүлүн ачып берерине ишенишкен Азыкбаевдер бул күнгө көптөн бери даярданып жүрүшкөн.