Ырчы Ирлан Таалайбеков “Окуучу кыз” ыры менен таанылгыча өзүнүн туулуп өскөн жери Кара-Буура районундагы белдүү музыканттардан болгон. Бишкекке келгени ал жакта иштөөсүн токтоткон. Учурда аталган райондогу кафелердин биринде чакыруу менен музыкант болуп иштеп жатат. 1-декабрга чейин ал жакта иштей турган ырчынын айлыгы абдан жогору.