«Кыз Бурак» тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын өмүрүнө кол салуу болду. Топ жашаган үйгө электрик болуп иштеген жигит кирип келип Гүлшайырга жулунган. Колунда кармаган отвёрткасы бар мас жигитти кароолчулар кармап калышкан. Жыйынтыгында, арыз жазылып, соттун чечими менен ал жигит үй шартында үч жылга кесилген. Кылмышкер тергөөдө кылган ишин мастыгына шылтап тим болгон.