Жаштардын сүйүктүү ырчысы Айя Садырова “Famous” моделдик агенттигинин директору болуп дайындалды. Ырчынын бул кызматка келишине өзүнүн модага кызыкканы түрткү болгон. Эки айдан бери директорлукту аркалаган ырчынын агенттиги жаңы үлгүдөгү кийимдерди тигүү менен ар түрдү кечелерди уюштурууну көздөйт.