“Көркөм көкүрөктүү айым” деген атка конгон Анна Семенович жаздын биринчи күнүндө өзүнүн 28-туулган күнүн белгиледи. Акыркы күндөрү бир гана белгилүү ырчы жана тажрыйбалуу спортчу катары эле аты чыкпастан, өзүн кино жаатында да көрсөтүп келет. Эмесе, биздин мекендештерибизге да сиңип калган “Обречённая стать звездой”, “Студенты”, “Клуб” сериалдарында жана “Ночной дозор”, “Ирония судьбы. Продолжение” фильмдеринде роль жараткан Анна Семенович бизде мейманда.
Анна Семенович 1980-жылы 1-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси бирге жашагандарына 8 жыл толгондо гана көптөн күткөн Анна жарык дүйнөгө келген. Бирок, 2 жашында Анна катуу ооруп, жарым жыл ооруканада жатат. Кичинекей болсо да өз жашоосу үчүн күрөшө билген кызын айыгып чыгаары менен апасы врачтардын берген кеңештери боюнча спорт дүйнөсүнө жетелеп барган. Жыйынтыгында, муз үстүндө бийлөө боюнча машыга баштайт. Өзүнөн эки-үч жашка улуу балдар менен машыккандыктан, алар менен чогуу окууга да туура келип, болочок фигурист кыз 5 жашында Спорт комитетинин алдында түзүлгөн атайын мектепте 1-класстын окуучусу болууга үлгүрөт. Алгачкы жылдары эртең менен окуу, түштөн кийин машыгуу болгондуктан, “өзүм курактуулар менен ойноону да билбей калдым, силер менден балалыгымды алып койдуңар” деп ата-энесине таарынып ыйлаган күндөрү болгон.
Бир канча жыл спорттун бүл түрү менен машыккан соң Анна тажрыйбалуу спортчулардын катарына кошулат. Алгач белгилүү машыктыруучу Наталья Дубованын кол алдында тарбияланып, кийин жалгыз эмес, түгөй менен бийлөө жагына өтүп, Елена Чайковскаянын мектебине барат. Эң биринчи шериги, бийдеги түгөйү болгон Володя Фёдоров менен бирге Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча өткөргөн чемпионатында 3-орунду багындырышат. Бул Аннанын биринчи ийгилиги болуп эл көзүнө илине баштаган соң машыктыруучулар арасында да талашка түшкөн бул түгөй Наталья Линичуктун колуна өтөт. Бир канча таймаштардан башбайгенин ээси болуп кайтышкан Анна менен Володя көп узабай дүйнөлүк масштабдагы конкурстарга катышуу максатында Америкага аттанышат. Тилекке каршы, ал жактан Володянын бутундагы жаракаты күчөп, спорт менен коштошуусуна алып келген. Көп узабай Анна тез эле дагы бир атактуу фигурист Роман Костомаров менен бийлей баштайт. Экөөнүн дуэти дагы бир канча сыйлыктарды багындырган соң дүйнөдөгү эң күчтүү жана тажрыйбалуу 10 түгөйдүн алтынчысы катары саналууга жетишет. Жаңыдан Дүйнөлүк олимпиадаларга жол ачылып, болгон күчү менен машыгууларды күчөтүү максатында Америкага кайрадан учуп кетүү алдында турганда спорттогу түгөйү Роман мурдагы шериги Татьяна Навка менен бийлегиси келгенин айтып, Аннадан баш тартат. Турмуштун бул соккусуна туруштук берүү үчүн Анна кайрадан башка шерик издеп, жыйынтыгында, Денис Самохин менен бийлей баштайт. Бирок, тилекке каршы, спорттун муз үстүндө бийлөө жаатында коррупциянын өтө өнүгүп кеткенинен улам “силер али жашсыңар, келечегиңер алдыда” деп олимпиадага жолдомону акчасы барларга берип коюшкан.
21 жашында Анна балачагынан бери көксөгөн «Алтын медалдын» ээси болуу тилегинен кол жууга аргасыз болгон. Анткени, бутунан алган жаракаты күчөп, оор операцияны башынан өткөрөт. Мындан ары спорт менен машыгуусун биротоло токтотуу керек экендигин түшүнгөн болочок ырчы Анна Семенович бир топ кыйынчылыктарды жеңип чыгууга туура келген. Алардын эң башкысы, “өмүрдүн акыркы мүнөттөрү өтүп жатат” деген кабар берген депрессиядан кутулуу эле. 21 жашында эле мындай олуттуу маселеге кабылган Анна бир жыл Америкада жаткан. “Америкада бир айылда турчумун. Эртең менен көзүмдү ачсам, терезеден жайылып жүргөн уйлар көрүнөт. Сыртта алардын мөөрөгөн үнү угулса, жанымда апамдан башка эч ким жок. Мага телефон чалып ал-абалымды сураган да эч ким жок. Мурдагы жакын досторум да жүзүн буруп мага таптакыр сүйлөшпөйт. Бирок, бир күнү эртең менен “мындай жашоодон да тажадым. Өзүм менен өзүм күрөшүшүм керек” деп муз үстүндө бийлөөдө топтогон гонорарларымды алып, өзүмө машина, кымбат баалуу тон сатып алдым. Ошол күндөн тарта түнкү клубдарга барып эс ала баштадым. Жыйынтыгында, бекерчиликтен да тажап, 10 килограммга толуп кеттим”,- дейт бул тууралуу Анна.
Бир күнү эле Аннаны тааныштарынын бири «7TV» каналына спорт кабарчы катары көрсөтүү даярдап, аны алпаруусун сунуштайт. Буга макул болгон Анна эртеси эле телевидение турмушуна аралашып, кабарчы жана алпаруучу катары эл алдына чыга баштаган. Ар бир чыгарылыш үчүн 100 доллардан акы алып турганына сүйүнгөн Анна бул жерден өзүн таланттуу журналист катары да атын чыгарууга жетишет. Көп узабай СТС каналынан чакырык алат. “Эртең менен” жана “Түн” деген берүүлөрдүн алпаруучусу катары да өзүнө миңдеген күйөрмандарды топтоого жетишкен болочок ырчы дал ушул жерден “Блестящие” тобу менен жолуккан. Аннанын берүүсүнө тартылган топ алардан Жанна Фрискенин кетип жатканын айтышып, анын ордуна жаңы ырчы тандоо керек экендигин да кабарлашат. Берүү аяктагандан кийин эле топтун продюсери Аннага “сен ырдаганды билесиңби?” деген суроо узаткан. Жыйынтыгында, Анна эки күндөн кийин “Блестящие” тобунун солисткасы катары гастролго сапар тартат. Алгач “элинин намысын коргоп, туулган жеринин атын чыгаруу үчүн эмгек кылгандарга караганда жөн гана ырдагандардын аброю чоң жана атактуураак болот экен” деген жыйынтыкка келген. Бул Аннаны ыр дүйнөсүнө биротоло сиңип кетүүсүнөн алыстаткан десе болот. Анткени, спорт жаатында Атамекенинин атын чыгаруу мурдагы фигурист кыз үчүн баа жеткис максат болчу.
Баарыбызга белгилүү болгондой эле, былтыркы жылы Биринчи канал тарабынан даярдалган “Муз доору” теледолбоорунда Анна Семенович кайрадан муз аянтчасында өз жөндөмдүүлүгүн тартуулады. Ал гана эмес, өзүнүн кызыгуусу дал ушул муздарга ширелишкенин байкаган ырчы былтыр машыгуу үчүн бир аз эркиндик жетишпей калгандыктан, “Блестящие” тобу менен кош айтышты. Эми кайрадан машыгуулардын үстүндө тыгыз эмгектенип, чоң спортко кайтып келүүнү көксөп жүргөн кези. Эгерде комиссия мүчөлөрү Аннадан дагы акча талап кылып, спортко кайтып келүүсүнө бут тосо турган болсо, Анна өзү жөнүндө жазып жаткан китебине муз үстүндөгү коррупция жөнүндө баарын ачык жазаарын айтып, коркутуп жаткан убагы. Аннаны кабыл алуу чечими жайында чыгарылмак.
Акыркы күндөрү Аннанын тегерегинде бүтпөгөн ушак-кептер жүрүп келет. Алардын эң башкысы – “чоң көкүрөктүү” же “борпоң көкүрөктүү” деген сөздөр. Мунун түбүндө “пластикалык операциянын жардамы менен көкүрөгүн чоңойтуп алган” деген кептер жатат. Алтургай буга далил катары мурдагы муз үстүндөгү бийдеги шериги Роман Костомаровдун сөздөрү бар. Анын айтымында, мурда Анна шоу-бизнеске келе элегинде көкүрөгү кичине эле болчу. Ал эми буга жооп катары “мен эч кандай Кудай берген кебетеме өзгөртүү киргизген эмесмин, болгону, бизде чоң көкүрөктүүлүк тукумубузда бар. Чоң энемдин да, өз энемдин да көкүрөктөрү чоң. Ал эми шоу-бизнеске келгенден кийин 10 килограммга толуп кеткеним төшүмдүн да чоңоюшунун себепчиси болду”,- дейт Анна. Көпчүлүк учурда мындай ушак-кептерге көңүл бөлбөй эле калтырууну туура көргөндүктөн, Аннанын тегерегинде чындыкка жакын эмес сөздөр көп жүрөт.
Үйбүлө курганга али даяр эмес экендигин билдирген Анна Семеновичтин быйыл турмушка чыга тургандыгы жөнүндө да кабарлар бар. Муну ырчы өзү тастыктап маалымат бере элек. Ошентсе да кээ бир маалыматтарга караганда, Аннанын жакшы көргөн адамы – Орусиядагы белгилүү бир банктын жетекчиси. Ал эми “Муз доору” теледолбоорундагы шериги Вячеслав Разбегаев экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу чыккан сөздөр жалган.
Анна бош убактысы болсо тынчыраак уктап эс алганды, достору менен түнкү клубдарга, киного барганды жана бийлегенди жакшы көрөт. Андан тышкары, жакында ресторан ачып, бизнес кылганы да турат. Бул гана эмес, жигиттерге арналган журналдарга жарым жылаңач сүрөткө түшүп берүүнү да жактырат. Болгону, бул журналдарды атасы көрбөсө эле болду. Калган элдин “уяты жок” деген сөздөрүнө көз жумуп коё алат. Учурда жеке альбомун жарыкка алып чыгуунун үстүндө да эмгектенүүдө. Муну менен канткен күндө да ырчылыкты таштабасын тастыктап өттү.
Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева