Ырчы Анжеликанын салонунда бир айдан бери эртеден-кечке ырчыны күткөн кыз пайда болду. Ал кыз Анжеликага “мен сизди жакшы көрөм. Сизге эч зыян алып келбейм, ишениңиз” деп бардык документтерин калтырган. Ырчы машинасына түшөрдө “мен да түшөм” деп асылган кыздын максаты Анжелика менен достошуу же ага жардамчы болуу экен. Буга чейин кыздардын мындай жабышканына туш келбеген ырчы катуу таң калууда.