Түркиянын Анкара шаарында эки улуттун ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти болуп өттү. Концертке Кыргызстандан бир нече ырчы менен катар дастанчы, ырчы Роза Аманова да катышты. Үч күндүк концерттен түшкөн каражаттын баары жер титирөөдөн жапа чеккен Алай районундагы Нура айылынын тургундарына жардам катары которулду.