Ырчы Токтобек Асаналиев Казакстан Республикасынын Эл артисти Алтынбек Казакбаевди Кыргызстанга конокко чакырды. Казак артисти конок болуудан сырткары, Токтобек менен Кутман Жолдошев биргеликте өткөрүүчү концертке катышат. Күйөрмандар Токтобектин жаңы ырларын угуу менен казак ырчысынын домбранын коштоосунда аткарган кыргыз ырларына да күбө боло алышат.