Дагы бир жолу 80-жылдардын жылдыздарына эшик ачтык. Бул жолу Юрий Шатуновдун өмүр-чыгармачылыгына сапар алабыз.
Билесиздерби, Юрий үйбүлө куруп, учурдагы жубайы Светланага баш кошоор алдында ага катуу талап койгон экен. Анда “ырчынын аялы болуу – өзүнчө бир өтө оор “кесип”. Мен бир жылда үйгө болгону үч-төрт жолу гана келишим мүмкүн. Балким, андан да азыраак. Сен мунун баарына чыдашың керек” деген сөздөр камтылган. Ал эми учурда уулдуу болгондон кийин Юрийдин айткандарынын баары тескерисинче болуп, өзү кожойкенин ролунда үй жыйнап, тамак бышыргандан тышкары, баласынын кирлерин да өзү жууп, чыгармачылыкка да жетишип келатканы кызык...
Көпчүлүк менен бирге балдар үйүндө тарбияланып жаткан канчалаган жетим балдардын да кумирине айланган ырчы Юрий Шатунов 1973-жылы 6-сентябрда Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. Бул шаарда болочок ырчы 8 жашка чыкканча жашайт. Бирок, андан кийин кичинекей Юраны турмушу жетим балдар үйүнө байланууга аргасыз кылган. Бул атасынын да, апасынын да дүйнөдөн эрте кайтып кеткендиктерин билдирбейт. Анткени, ырчынын атасы Василий Клименко азыр да тирүү жана учурда айдоочулук менен күнүн көрөт. Ал эми апасы Вера Шатунова уулу Юрий сегизге толгондо жүрөк оорусунан каза тапкан. Юра үч жашка чыкканда ата-энесинин бири-бири менен тил табыша албай ажырашып кеткендиктерине байланыштуу атасыз калган болсо, дагы беш жылдан кийин апасынан түбөлүккө айрылат. Күнөөсүз жетим калган жаш Юрийди 12 жашка чейин таежеси тарбиялап, андан кийин апасынын 5 биртууганы болгонуна карабастан, өз таенесинин демилгеси менен жетимдер үйүнө тапшырышкан. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2-интернат-мектебине которулган. Бул убакыт аралыгында болочок атактуу жылдыз бир топ кыйынчылыктарды башынан кечиргени айтпаса белгилүү болсо керек. “Ата-энем болбосо да, жакын туугандарым бар туруп аларды көрө албаганыма, эне мээримине башка балдардай болуп бөлөнө албаганыма куса болуп, апамды сагынганымдан күн сайын ыйлачумун”,- дейт бул тууралуу Юрий Шатунов.
Юра балачагынан эле өтө шок болгон. Керек болсо, тамекини алгачкы жолу бала бакчадан чегип көргөнүн азыр өзү айтып келет. Интернатта окуп жүргөн кезинде да окутуучулардын сөзүн укпаган андагы эң тентек балдардын бири болчу. Ал эми улуу балдардын уруп-сабаганына чыдай албаганынан жаз мезгили сайын интернаттан качып кетип, күзүндө келчү. Кышкысын болсо көчөдө суук болгондуктан, жатаарга жери жок интернатка кайтып келүүгө аргасыз эле. Качып кеткен учурларда болсо өзүнүн чөйрөсүндөгү балдар менен чогуу көчөлөрдө эптеп өз күнүн көрчү. Бирок, ал кезде Юра тентектик жактан гана эмес, ырчылык талантын да өөрчүткөн десе болот. Ал эми билим алууга таптакыр кызыкпаган Юраны “сабак окусун” деп мугалимдери бир канча күнгө чейин бөлмөгө камап коюшчу. Мындай учурда Юрий терезеден качып чыгуудан кайра тартчу эмес.
Так ошол интернат-мектептин 7-классында окуп жүргөн кезинде алгачкы жолу белгилүү композитор Сергей Кузнецов менен таанышкан. Сергей ал кезде музыкалык ийримдерди жетектечү жана “Ласковый май” деп аталган жаңы музыкалык топ ачууга камынып, ага таланттуу балдарды издеп жүргөн эле. Келбети сахна үчүн жаралгандай жагымдуу болгондуктан, Сергей Юрийдин музыкалык шыгын сынап көрмөккө ырдап берүүсүн суранат. Жыйынтыгында, Юрий чындыгында эле таланттуу экендигин далилдеп, топко кабыл алынган.
Юрий Шатунов алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын Жаңы Жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага көңүл кош мамиле кылганы менен дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон. Кышкысын коньки тебүү, жайкысын оюн автоматтары менен алектенген Юра ушул күндөн тарта бул кумарларынан да баш тарткан. Топко келгенге чейин жаш болсо да ар кайсы маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы “Белые розы” ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай ыр бүткүл совет элине тарап, хит ырга айланат. Бул учурда Юрий бардык күйөрмандары үчүн сырдуу ырчы болчу...
Көпчүлүктүн суроолору менен Юрий Шатуновду жергиликтүү журналисттер интернатка издеп келе башташкан да, жыйынтыгында, анын жүзү популярдуу болууга жетишкен. Көп узабай 1988-жылы топтун болочок жетекчиси Андрей Разин Маданият министрлигинин уруксаты менен Юрийди Москвадагы интернаттардын бирине которот. Москвага келээри менен Юрий чыгармачылыктагы жетекчиси Разиндин үйүнөн орун алган. Ошол эле жылы суранычтар менен Казакстандын Аламаты шаарында чоң сахнага кадам таштайт. Чыгармачылыктагы жолу дал ушинтип башталган Шатунов 1988-жылы “Белые розы” альбомун профессионалдык деңгээлде жарыкка чыгарат. Бул учурда Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен эле. “Месяц июль”, “Метель в чужом городе», “Звёздная ночь” “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу ал учурда жетекчиси Разиндин айтымында, бардыгы болуп 20 миллион долларга жакын акча табышкан. Бирок, бул акчалардын пайдасын көбүнчө Разин өзүнө сарптаган. Буга далил катары “эң биринчи миллион долларды мен өз досторум менен эс алуу үчүн коротком” деген сөзүн кароого болот.
1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кетет. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган. Жаңыдан өз алдынча кадам таштай баштаган Юрийге Алла Пугачёвадан чогуу иштешүү сунушу келип түшөт. Бирок, ырчы бирөөлөргө көз каранды болууну каалабаганын айтып, бул сунуштан баш тарткан.
Юрий “Ласковый май” тобундагы достору Игорь Игошин менен Максим Сухомлиновдордон түбөлүккө айрылган соң бир жылга жакын чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Досторунун бири Игорь 4-кабаттан өзү секирип өлгөн болсо, эң жакын досу, топтун дагы бир солисти Максим Сухомлиновду Юранын көз алдында үйүнүн короосунан атып кетишкени ырчыга катуу сокку болгон. Турмуштун мындай сынагынан кийин ырчы бул убакыт аралыгында машина сатуу менен алектенип жүрүп, кийин кайрадан чоң сахнага кайтып келди. Ал эми ырчынын сахнага келүүсүнүн башкы себебин «жетишпеген акчанын айынан» деп жүрүшөт.
Шатунов алгачкы жолу 12 жашында 11-класста окуган бир кызга катуу ашык болгон. Бирок, ортолорундагы 6 жаш айырмачылык үчүн бул сүйүүсүнө жете алган эмес. Кийинки жолу ырчы болуп чыккандан кийин гастролдук сапарларынын биринде Франциянын Париж шаарынан дагы бир орус кызына ашык болот. Ал эми чыныгы сүйүүсү болгон учурдагы жубайы Светлананы Германияга болгон гастролдук сапарында мейманканадан тапкан. Бул тууралуу: “Светлананы мага жолуктуруп койгону үчүн Кудайга рахмат! Үйлөнгөнгө чейин эле уулдуу болууну тилечүмүн, болгондо да, “өзүмдүн туулган күнүмдө төрөлсө” дечүмүн. Тилектерим 99 пайызга иш жүзүнө ашты десем болот. Уулум Денис менин туулган күнүмө 10 саат жетпей 2006-жылы 5-сентябрь күнү төрөлдү. Төрөт учурунда баштан-аяк Светлананын жанында болдум”,- дейт ырчы. Ал эми Юрий Шатуновдун көпкө чейин үйлөнбөй жүрүшүнүн себебин элдер “Алсуну сүйүп, анын бой жетишин күтүп жүрөт” деп чыгышкан эле. Ага жооп катары бир интервьюсунда Алсу да: “Мага Юра жагат”,- деп жар салган болчу. Бирок, мунун баарынын ушак экендигин Юра өзүнүн дагы бир сырын ачуу менен далилдеди. “Менин чөйрөмдөгү адамдардын таасиринен спирт ичимдиктерине бир аз берилип кеткен элем. Мунун башкы себеби, досторум менен бирге баңгизаттарын колдонбоонун жолу болчу. Ушундай чөйрөдө жүрүп, анан кеч үйлөндүм. Эми менде баары жакшы”,- дейт Шатунов.
Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева