Мындан 64 жыл илгери 1944-жылдын 10-ноябрында Кемин өрөөнүнүн Кызылбайрак айылында карапайым бүлөдө эркек бала дүйнөгө келген. Маңдай жарыла кубанган ата-энеси ал кезде бул ымыркайдын 2200 жылдык өтмүшү бар кыргыз элинин тарыхында калаар бала болоорун ойго да алышпаган чыгаар. Ал ымыркай кыргыздын туңгуч президенти Аскар Акаев эле. Жаштайынан билимге талпынган бул бала 27 жашында кандидаттык диссертация, 34 жашында доктордук диссертация жактап, илимдин бийик чокусун багынтып, келечекте “Нобель” сыйлыгына татыктуу болууну тилек кылган эле. Бирок, тагдыры башка нукка бурулуп, 46 жашында Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийлигине нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Орусияга качып кеткен. Мына, анын мекенинен качып кеткенине быйыл үч жылдын жүзү болду. 24-март босогодо турган кезде сиздер менен кошо бул кишинин өмүр жолун кайрадан эске салууну чечтик.
БАЛАЧАГЫ
Жубайлар Акай менен Асел айымдын бүлөсүндө Аскар бешинчи бала. 1944-жылы жарыкка келген Аскардын балачагы өлкөнүн согуштан кийин оңоло албай жаткан оор жылдарына туш келген. Балачагы жөнүндөгү баяндарда: “Атамдын көзү көрбөй калганынан аксакалдарга атамды мен жетелеп барчумун. Айыл аксакалдары чай үстүндө турмуш туурасында аңгемелешишсе, ынтаа менен угуп отурчумун. Көрсө, бул аңгемелер менин турмушумдагы уюткулуу көрөңгөлөр экен”,- деп эскерген жайы бар. Тоо коюнундагы айылда төрөлүп, айыл мектебинен билим алган жаш бала тарыхка өзгөчө кызыгып, атүгүл келечекте тарыхчы болууну максат да кылып койгон эле. Бирок, анын мындай тилеги 6-класска келгенде өзгөрүп кетти. Анткени, бул жылы окутула баштаган физика илими аны баш-оту менен өзүнө тартып кеткен. Бүтүрүү экзаменин тапшыруу кезинде Аскар Акаев химия боюнча лабораториялык тажрыйба жүргүзүп, комиссия мүчөлөрүн таңкалтырды. Алардын ичинен бирөөнүн: “Мобул бала өзүнүн тажрыйбалары менен лабораторияны жарып жибергиче алтын медаль бере салалы”,- деп айтканы бүтүрүүчүлөрдүн эсинде калды. Ошентип, окумуштуу, физик болууну эңсеген жигит 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, билим алууну эңсеп, айылдын чаңдуу жолдорунан борборду көздөй сапар алды.
СТУДЕНТТИК КУРАГЫ
Ал кездин шарттарына ылайык, окууга тапшыраардын алдында эмгек тажрыйбасынан өтүү керек болчу. Андыктан, Аскар Акаев өзүнүн эмгек жолун “Фрунземашта” ширетүүчү болуп иштөөдөн баштады. Эмгек стажына ээ болгон соң алгач Фрунзедеги политехникалык институттун механика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бир жыл өткөн соң бул окууну таштап койду. Анткени, алдыда башкача пландар бар эле.
1962-жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтуна тапшырат. Алыскы Кыргызстандын тоо коюнундагы айылынан борборго келген жигиттин алгачкы кыйынчылыгы тил маселеси болду. Орус тилин жөнөкөй турмуштук деңгээлде билген жигитке оюнда билип тургандарын илимий тил менен жеткире айтып берүү оор эле. Көкүрөктө умтулуу болсо, тил билбөө адамга тоскоол болбосу анык. Алгачкы курста орус тилинде оңдуу жооп бере албаган жигит 2-курста окумуштуулардын көңүлүн бураар илимий докладдарды жазып, лениндик стипендияга жетишти. Атүгүл Ленинграддагы кыргызстандык студенттерге орус тилинен, математикадан, физикадан консультация берип жүргөндүгүн ошол кезде Ленинградда окугандар көп эскеришет. Алардын бири Мурат Калиев: “Жердеш студенттер бири-бирибиз менен тыгыз байланышта болчубуз. Кимдир-бирөө орус тилинен же математикадан кыйналып жатса, сөзсүз жардамга келип, биргелешип аракет кылаар элек. Биздин жатаканада студент Акаевдин каалгасынын тышында консультациялардын графиги дайыма илинип турчу”,- деп эскерет.
Ошентип, окууга, студент жердештерине жардам берүүгө да жетишип жүрүп, институтту кызыл диплом менен бүтүргөн соң ошол эле окуу жайда аспирантурага калып, 27 жашында кандидаттык диссертациясын жактайт. Бул диссертация тууралуу илимий чөйрөдө кызуу талкуу жүрүп, “Вечерний Ленинград” гезити “илимге ар тараптан өнүккөн, абдан таланттуу жаш окумуштуу келди” деп жазып чыккан. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн бул жаш окумуштуу 34 жаш курагында 1981-жылы техникалык илимдер боюнча доктордук диссертациясын Москва шаарында жактайт.
ӨМҮРДҮН ЖАЗЫ
Өмүрдүн жазы болгон студенттик курак кантип арзуу-ашыктыксыз өтсүн. Мындай сезимден Аскар Акаев да куру калган жок. Айтылуу окумуштуулардын көңүлүн бурган атактуу да, жылдыздуу да бул жигиттин жүрөгүн ким ээлээри жердеш кыздары үчүн табышмак эле. Көп кечиктирбей мындай күн да келди. Аспирантурада окуп жүргөн жигит 5-курстун студенти Майрам Акаева менен жердештер уюштурган кечелердин биринде таанышып калат. Жылдызы келишкен эки жаш 1970-жылдын 28-июнунда баш кошуу аземин өткөрүшөт. Студенттер, аспиранттар менен бирге Неваны жээктей көңүл ачып баш кошуу аземин өткөргөн экөөнүн кичи мекениндеги тою өзгөчө болгон. Майрам Акаеванын айтымында, баш кошушкан соң Фрунзедеги кайнагасынын үйүнө өзү жалгыз келген. Ал күндөрдү Майрам Акаева “кайнагамдын үйүндө мени кайненем күтүп туруптур. Кыргыздарда мындайды элестетүү кыйын, жаңы келин жалгыз келатса...” деп эскерет. Баш кошушкандан эки жылдан соң алардын тун кызы Бермет, андан төрт жылдан соң уулу Айдар төрөлөт. Ошондон соң Акаевдердин бүлөсү Ленинграддан Фрунзеге көчүп келишет.
Ассистенттиктен Илимдер академиясынын президенттигине чейин Ленинграддын илимий чөйрөсүнө аты чыгып калган жаш илимпоз Фрунзеге келген соң политехникалык институтка кенже ассистент болуп кызматка кирет. Көп убакыт өтпөй айланасына таланттуу жаш окумуштууларды чогулткан Аскар Акаев бир нече жыл бою илимий иштер менен катар институтта окутуучулукту аркалап жүрүп отурат. Ошентип, эмгек жолун кенже ассистенттиктен баштаган ал 1989-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп шайланат.
ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨНҮН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ
Илимдер академиясын бир жыл жетектеген илимпозду 1990-жылдын 12-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында мамлекеттин президенттигине шайлашат. Бир жылдан соң 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланган. Беш жылдык мөөнөт өткөн соң 1995-жылдын 24-декабрында кайрадан президенттикке өз талапкерлигин коюп, бул ирет да атаандаштарынан алга озуп чыгып, экинчи мөөнөткө президент болуп калат. Эгер биринчи президенттик шайлоо «демократиялык негизде таза өттү» деп бааланса, экинчи шайлоо мындай баага татый албаган. Батыштын көз карандысыз байкоочулары бул ирет Кыргызстандагы президенттик шайлоолордо бир топ мыйзам бузуулар болгондугун айтып чыгышкан.
Негизи, Аскар Акаевдин өмүр таржымалы тууралуу кеп кылганда аны президент болгонго чейин жана президент болгондон кийин деп экиге бөлүп караса болчудай. Анткени, илимий чөйрөдө жүргөн кезинде бул киши өз элинин сыймыгы, илимдин кадырман кишиси болчу. Бирок, анын саясаттагы орду мындай бийиктикти багындыра алган жок.
ҮЙБҮЛӨСҮ
Кыргызда “эркекти бар кылган да аял, жер менен жер кылып жок кылган да аял” деп айтылат. Бүгүнкү күндө Аскар Акаев туурасында кеп козголсо, туңгуч президент боло туруп өз мекенинен качып кетишине анын жубайын күнөөлөгөндөр четтен табылат. Акаевдердин бүлөсү Кыргызстанга кайтып келген соң Майрам Акаеванын айтымында, Фрунзеде батирден-батирге көчүп жүрүп катуу кыйналышкан. Аны Аскар Акаевдин Ленинграддагы илимий жетекчиси билип калып, Турдакун Усубалиевге кат жазат. Натыйжада, ал кездеги эң эле престиждүү болуп саналган “Миң түркүн” дүкөнүнүн үстүнөн Акаевге 3 бөлмөлүү үй берилген. Бул үйдө алар 10 жыл жашап, Саадат аттуу кыздуу, Илим аттуу уулдуу болушкан.
Бермет Акаева Москва мамлекеттик университетине өтүп, үчүнчү курстан соң Швейцариядан билим алууга жолдомо алып, окууну ошол өлкөдөн аяктайт. Андан соң Швейцариядагы БУУнун өкүлчүлүгүнө ишке кирет. Кийин Кыргызстанга келип “Алга, Кыргызстан!” кыймылын түзгөнгө жетишет. Парламенттин үчүнчү чакырылышына өз талапкерлигин коюп, депутаттык мандатка жеткен. Бирок, төңкөрүштөн соң сот Бермет Акаеваны мандаттан ажыраткан. Кийинчерээк Кемин шайлоо округунан иниси Айдар Акаевдин ордуна кайрадан депутаттыкка талапкерлигин коёт. Бул иш үй түрмө, андан соң Бермет Акаеванын Кыргызстандын аймагынан чыгарылып салынышы менен аяктаган. Туңгуч президенттин тун кызы казакстандык Адиль Тойгонбаев аттуу бизнесменге турмушка чыгып, Айтегин аттуу уулдуу болгон. Кызыгы, президенттин тун небереси да 10-ноябрда, Аскар Акаевдин туулган күнүндө жарыкка келген.
Айдар Акаев алгач Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнүп, оту күйүшпөй ажырашып кетет. Кийинчерээк жаш журналист кыз Сайкал Чокубаевага баш кошуп, Айтеңир аттуу уулдуу болот. АКШнын Мэриленд шаарынан билим алган Айдар Акаев алгач Кыргызстандын Финансы министринин кеңешчиси болуп иштейт. Кийин Бокс федерациясынын президенти, андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп шайланат. Парламенттин үчүнчү чакырылышына Кемин шайлоо округунан депутат болуп шайланат. Бирок, төңкөрүштөн соң атасы менен кошо качып кетип, бир да жолу ЖКнын жыйынына катышкан эмес. Көп өтпөй Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен депутаттар добуш берүү аркылуу аны мандатынан ажыратышкан.
Саадат Акаева Фрунзеде төрөлүп, орто мектепте окуп жүрүп, атасы президент болгон соң Швейцариянын Женева шаарындагы мектептен билимин уланткан. Жогорку билимди АКШнын Бостон калаасындагы Тафт университетинен алган. Окууну бүткөн соң Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банкта иштеп баштап, учурда Австриянын борбору Венада иштеп жүргөнү маалым.
Экс-президенттин кенжеси Илим Акаев 1984-жылы төрөлгөн. Ал да эжеси Саадат сыяктуу алгач Бишкекте окуп жүрүп, кийин эжеси Берметтин талабы менен Швейцариядагы бийик Альпы тоосунун боорундагы кичинекей Лизана айылындагы мектептен окуусун уланткан. Мектептен соң АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин математика факультетинен билим алган.
24-МАРТ
“Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” делинип “Манаста” айтылгандай, 24-марттагы төңкөрүшкө түрткү болгон чырдын башы ЖКга депутаттык шайлоо болду. Депутаттык шайлоодо Бермет Акаева баш болгон Алга, Кыргызстанчылар! түрдүү ыкмалар аркылуу мыйзам бузуп, мандатка ээ болуп жаткандары карапайым элдин кыжырын келтирди. Ал эми Акаевдин оппоненттери оор турмуштан каржалып, кыжыры кайнап турган элдин каарын ыктуу пайдаланып, Акаевди ээрден шыпыра чабышты.
Алгач депутаттык шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон түштүк эли, кочкордуктар митингге чыгышып, мындай толкундар тездик менен жылып отуруп бүткүл республиканы кучагына алып, борбор шаар Бишкекке келип жетти. Жоош-момун кыргыз элинин мындай аракети кошуна өлкөлөрдү эле эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулукту таңкалтырды.2005-жылдын 24-мартында Бишкектин борбордук Алатоо аянтына чогулуп, Өкмөт үйүн көздөй жылып бараткан кылкылдаган элдин сүрү чынында кооптуу болчу. Миңдеген элдин сүрүнөн чочулаган Акүй коргоочулары аларды эч кандай тоскоолдуксуз Өкмөт үйүнө киргизип жиберишти. Маалыматтар боюнча, бул учурда президент Аскар Акаев Орусияны көздөй качып бараткан болчу. Бул күн мекендештерибиздин эсинде биротоло сакталып калаары анык. Анткени, Өкмөт үйү алынган түнү Бишкек талоончулардын колунда калды. Айрыкча “Акаевдин бүлөсүнө таандык” деп айтылып жүргөн “Народный” сындуу дүкөндөр катуу талкаланды. Эртеси шаарды акыр-чикир каптап, ал эми чыгыш тарабын түтүн чулгап жатты. Анткени, кытайлар менен биргелешип салынган “Гоин” соода борбору өрттөнүп жаткан.
“ЭРКЕ КҮЙӨӨ БАЛА”
“Кыргызстандын эрке күйөө баласы” деген лакап ат Адиль Тойгонбаевге таандык экенин жалпы журт жакшы билет. Аскар Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында анын күйөө баласынын арааны ашыкча ачылып кеткени көп айтылып жүрөт. Маалыматтар боюнча, Адиль Тойгонбаев ошол кезде Кыргызстандын эң бай адамы болуп чыга келген. Төңкөрүштөн соң массалык маалымат каражаттары Кыргызстан экономикасынын негизги тармактары телекоммуникация, транспорт, авиа жол каттамдары, энергетика, алкоголдук товарлар, бензин бизнеси жана бир катар банктар Адиль Тойгонбаевдин көзөмөлүндө жүргөнү тууралуу маалымат таратышкан. Ошондой эле “эрке күйөө баланын” карамагында мамлекеттеги бирден бир ири Кант цемент-шифер заводу, КООРТ телеканалын жана “Вечерний Бишкек” гезитин бириктирген медиахолдинги бар экендиги да маалым болгон.
ЖҮЗДӨН АШУУН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН
Аскар Акаев Орусияга качып кеткен соң анын үстүнөн 4 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен негизгиси – Аскар Акаевдин буйругу менен эч кандай финансылык документтери даярдалбай туруп Швейцарияга чыгарылып кеткен 1 миң 635 килограмм алтын (баасы 17,25 миллион долларды түзгөн) жана Финансы министрлигинен алынган 500 миң доллардын чыры. Башкы прокуратура экс-президенттин дарегине канчалаган айыптарды коюп, жогоруда аталган сумманы “мамлекеттин эсебине кайрадан төлөтүп алабыз” дегени менен иштин биринен да жыйынтык чыккан жок.
Айдар Акаев, Адиль Тойгонбаев, премьер-министр Николай Танаев жана башка дагы бир топ экс-президенттин жакындарынын үстүнөн жалпысы болуп 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Данияр Үсөнов жетектеген атайын комиссия Акаевдин бүлөсү мамлекеттеги 42 ири ишкана, фирмаларды менчиктештирип алгандыгын жар салган. Тилекке каршы, ал кылмыш иштеринин бири да сотко чейин жеткен жок. Мамлекеттин эсебине бир тыйын да кайтарылган жок.
Өзүнүн дарегине канчалаган айыптар коюлуп, кылмыш иши козголбосун, Аскар Акаев: “Баарыбир мени Кыргызстандын туңгуч президенти катары тарыхтан өчүрүп сала алышпайт”,- деп чет жердик ММКларга интервью берип, Орусияда тынч гана күнүн көрүп жүргөн кези. Орусиядан баш калка алган экс-президент азыр МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт. Келечекте МГУнун профессору катары студенттерге лекция окушу мүмкүн экендигин да айтат. Ал эми Майрам Акаева жакынкы күндөрү Москвада журналисттерге берген интервьюсунда китеп жазуу менен алек экендигин, ал китеп жарыкка чыгаары менен Бишкекке келип, бет ачарын өткөзөөрүн билдирген. Учурда Акаевдер Подмосковьеде жашашат.
Даярдаган Шаиста Шатманова