“Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков лицензияланган CD, DVD дисктерди чыгаруучу “Сонун мюзик” деген аталыштагы компания ачты. Бул компаниядан жаздырылчу ырлар Кытайдын Пекин шаарында жайгашкан “Полистар” компаниясынын фабрикасынан дискке түшүрүлөт. Учурда үн жазуу студиясы ишке кирип, аранжировка жасала баштады. Бул жерде жазылган ар бир ыр Кыргызпатенттен патенттелип, бардык радиолорго компания тарабынан таратылат.