Шайыр мүнөздүү ырчы Бегимай Карабаева өзүнүн ак эмгеги менен тапкан кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдатты. Ырчы интернет клубдан чыгып, шаардагы дүкөндөрдүн бирине өтүк алганы барып чөнтөгүндө телефону жок экенин байкаган. Бегимай жоголгон телефонуна эмес, ичиндеги өзүнө керектүү телефон номурларын жоготконуна ичи ачышып жатат.