Уча албай жатып учкан, башкача айтканда, жаралган соң бир нече убакыт билинбей жүрүп, анан эл оозуна алынган “Ак кушум” учурда эл сүйүп уккан ырлардан. Анын автору Алтынбек Алымов да төбөсү көрүнүп калган ырчылардын катарында. Алтынбектин айтымында, эми “Ак кушумду” Ильяз Абдыразаков экөө дуэт кылып ырдашат. Ушул тапта аталган ырга жаңы аранжировка жасалууда. Андан сырткары, ырга дагы бир куплет кошулмакчы.