14-декабрда ырчы Анжелика кызы Айымдын 1 жашка чыккан туулган күнүн шаардагы ресторандардын биринде белгиледи. Дал ушул күнү ырчынын жаңы ачкан «Айым» сулуулук салонунун сыртында илинип турган узундугу 15, туурасы 12 метр болгон “Айым STYLE” жарнамалык банерди бирөөлөр уурдап кетишкен. «Мынчалык чоң көлөмдөгү банерди крандын жардамы менен гана чечип албаса, жөн адам уурдай алчудай эмес эле»,- дейт ырчы айым.