Ырчы Бегимайлардын ичинен өзүнүн башкача стили менен айырмаланган Бегимай Бекбоева чоң атасына арнап атайын ыр жаздырган. Учурда ал ырга клип тарттырып жатат. Бегимайдын чоң атасынын көзү өткөнүнө көп болгон. Бирок, ал Бегимайдын түшүнө дайыма кирет. Ырчынын ата-энесинин айтуусунда, чоң атасы да жакшы ырдаган чыгармачыл адам болгон.