Ырчы Султан Садыралиевдин талантын бир гана жаштар эмес, улуу муун дагы сыйлап келет. Ошол сыйга жагымдуу үнү, маңыздуу ырлары менен татыган Султан Маданият министрлигинен “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамга ээ болуп, төш белги тагынды. «Бул наам чыгармачылыгыма абдан чоң стимул болот» деген ырчы өмүрүнүн акырына чейин эл жүрөгүнөн түнөк таба турган ырларды жарата берерин билдирди.